“Камчыбек Ташиев президенттик шайлоого байланыштуу ошондой чечим кабыл алыптыр. Чечимине сый мамиле жасашыбыз керек. Ар ким өз жолун өзү тандап алат”, – деп билдирди кечээ, 9-сентябрда маалымат жыйын өткөргөн Адахан Мадумаров.
Камчыбек Ташиев тууралу ошондой маалыматтарды биз да угуп жатабыз. Айрыкча Жалал-Абад шаары тараптан ушундай маалыматтар келип жатат. Ошондуктан төртилик кечээ жолугуп сүйлөштүк. Эгерде ал киши ошондой жолду тандап алып, өзү талапкер катары барбай башка бирөөнү колдоп кеткен болсо өтө өкүнүчтүү. Өкүнүчтүү бирок ал кишинин өзүнүн эрки. Ошондой кадамга барышы мүмкүн болуп калды. Бул өкүнүчтүү көрүнүш, бирок, партиялык түзүлүш ( 4-5 партияны бириктирүү идеясы – ред.) боюнча ал киши кайта элек”- деди Адахан Мадумаров.
https://www.youtube.com/watch?v=EJ-D5PqFuzs
Булак: Kyrgyztoday.kg
Видео: Кыргыз бийлиги
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ