Menu

Азимбек Бекназаров: “2010-жылы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, ошонун ичинде Атамбаев да “”Мегакомду”, Бакиевдин мүлктөрүн давай өзүбүз бөлүп албайлыбы” деп келишкен”

Бөлүшүү:

“2010-жылы Убактылуу өкмөттүн бир топ мүчөлөрү, ошонун ичинде Атамбаев да мага келип “”Мегакомду”, Бакиевдин мүлктөрүн мамлекетке улутташтырбай эле, давай өзүбүз бөлүп албайлыбы” деп келишкен”, – деп билдирди 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары Азимбек Бекназаров 9-сентябрда 24.kg агенттигинде берген маалымат жыйынында.

“Атамбаев ““Мегаком” боюнча Отунбаева менен Бекназаров жооп берсин” деп айтты эле ушул жерге келип жооп бергем. Бүгүн “Мегаком” боюнча үчүнчү жолу жооп берип жатам. Эми кылмыш ишин ачышты, мен түрмөдөн коркпойм. Мен түрмөдө жатып деле шайлоочуларым менен жолугуша алам. Акаев да мени камап коюп эле кутулам деген, бирок акыры эмне менен бүткөнүн силер билесиңер. Атамбаев, сен от менен ойнобо! деп эскертким келет. “Мегакомдун” ишин 7 жылдан бери ким кармап, каратпай келатат? Коррупция так ошол жерде. 2010-жылы биз “Мегакомдун”  49%ын мамлекетке улутташтырып, 51%ын россиялыктарга калтырганбыз. Анткени 49%ды Максим менен Елисеевдер россиялыктардан рейдерлик жол менен тартып алышкан. Ал рейдерлик боюнча 17 адамга кылмыш ишин ачканбыз. Бирок, 7 жылдан бери ал кылмыш ишин сотто каратпай кармап келаткан адам коррупция кылып жатат. Бул ишти сот карап Елисеев менен Максим рейдерлик кылган болсо “Мегакомду” ээсине кайтарып бериш керек эле же Елисеев менен Максим рейдерлик кылбаган деп акташ керек болчу да. Чекитти сот коюш керек да. Муну 7 жылдан бери мен кармап олтурган жокмун да. Эмне үчүн бүгүн бийлик бул ишти 7 жылдан бери кармап олтурат? Мына ушул жерде коррупция! Ким мунун үстүндө контролдоп турат?  2012-жылы Атамбаевдин өзүнө айткам:” 2 жылдан ашык убакыт өтүп кетип жатат, каратып точка коюп койбойсунбу, Елисеев менен Максим рейдер болсо рейдер деп сотто, рейдер болбосо акта да аларга “Мегакомду” кайтарып бер, алардын менчигин” деп. Бүгүн түшүнүктүү болуп калды, Елисеевге кайтарып берейин десе элге уят болот. Соттотуп россиялыктарга кайтарып берейин десе бир нерсеси бар да. Мен ачык эле айтып койоюн, эмне үчүн мен Атамбаевге жек көрүнүп келатам? 2005-жылы Акаевдин мүлктөрүн Бакиевдер рейдерлик менен тартып алгандай эле 2010-жылы да Убактылуу өкмөттүн бир топ мүчөлөрү Бакиевдин мүлктөрүн бөлүп алалы дешкен. Мен ошого жол берген жокмун. Мына ошондуктан мен Атамбаевге эң башкы душман болдум. 2010-жылга чейин Атамбаев экөөбүз бири-бирибизге ат мингизген дос, 2010-жылдан кийин экөөбүз душман. Душмандыгыбыздын себеби так ушул маселеде, ушул “Мегаком” сыяктуу мүлктөрдө. 2010-жылы мага “Мегакомдун” 49%ын улутташтырып эмне кыласын? Андан көрө давай, бөлүп албайлыбы?” деген ондогон адамдар келген. Бирок биз ага жол берген жокпуз. Мамлекетке алып койдук. Ошолордун ичинде Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү да кайрылган.Ошонун бири Атамбаев болгон! “Ушуну эмне кылабыз? Давай андан көрө…” деп, бирок, биз ошол рейдерликке жол берген жокпуз да.Ондогон кишилердин баарына отпор бердик да. Жок, “сот чечсин”,  деп. Мен 2010-жылдын декабрында кызматтан кеткенден кийин, 2011-жылдан баштап баары токтоп калды да. Ошонун кесепетинен азыр “Мегакомдун” мурунку ээлери Кыргызстанды 200 миллион долларга сотко берди. Кыргызстандын президенти Кыргызстандын кызыкчылыгын коргойбу? же  чет өлкөдө жүргөн Елисеевдердин кызыкчылыгын коргойбу? Атамбаев 2005-жылдагы Бакиевдин жолуна түштү. Акаевдин мүлкүн Данияр Усенов, Максим Бакиевдер кандай кылып ала баштаса, 2010-жылы да Атамбаев так ошондой кылып өзү баардык мүлктү ошондой чечем деген ойдо болду. Ушунун айынан экөөбүздүн ортобузда көп жылдык тирешүү болду. Ошолордун бири “Мегаком” болчу, биз ага жол берген жокпуз. Сот, прокуратура органдарынын куратору катары мен 3 айдын ичинде ага такыр жол бербедим…”  – деди төңкөрүшчү Азимбек Бекназаров.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: