Menu

Сапар Исаков: «Kumtor Gold Company» компаниясынын азыркы менеджменти кайрадан каралат

Бөлүшүү:

«Kumtor Gold Company» компаниясынын азыркы менеджменти кайрадан каралат. Компанияда Кумтөр кенин башкара турган 5 департамент түзүлөт. Аталган департаментти жетектеген 5 директордун үчөө  Кыргыз Республикасынын жараны болот. Бул тууралуу Сапар Исаков Ысык-Көл облусундагы Кумтөр кенинде жайгашкан, алтын өндүрүүчү «Kumtor Gold Company» компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышкан учурда билдирди, – деп билдирди  Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Премьер-министр Сапар Исаков оор техникаларды оңдоочу жайды, карьердин ишин, руданы кайра иштетүүчү фабриканы жана акыркы продукцияны-алтынды өндүрүүчү жерлерди көрүп чыгып, андан ары  Петров көлүнө жана калдыктарды сактоочу жайга барды.

«Биз бүгүн Кумтөр кенин толук көрүп чыктык. Кендеги жумуштун жүрүшүнө менин көз карашым – эң позитивдүү. Биз тараптан айтылган айрым сындардан улам, «Centerra Gold Inc.» компаниясы бардык тиешелүү нормаларды аткара баштады. Баштала элек жумуштар азыркы тапта тиешелүү министрликтер менен ведомстволор жана изилдөө институттары менен бирге макулдашуудан өтүүдө. Сөз Петров көлүндөгү калдыктардын абалы тууралуу болуп жатат. Кумтөр кенин иштетүүдө биз туура жолдо турабыз. Жакынкы аралыкта Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана  «Centerra Gold Inc.» компаниясынын ортосунда тиешелүү макулдашууга кол коюлат. Бул биздин Кумтөр кенинин айланасындагы абалды жөнгө салууда алгачкы биргелешкен кадамыбыз болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү баарынан мурда Кумтөр кениндеги экологиялык маселелерди чечүүгө кызыкдар. Биз жыл сайын  экологиялык нормаларды калыбына келтирүүгө карата төлөнүүчү каражатты он эсеге, 310 миң АКШ долларынан 3 млн АКШ долларына чейин көбөйтүү тууралуу сүйлөштүк. Бул каражатты Өкмөт Ысык-Көл облусундагы Ысык-Көлдүн экологиялык көйгөйлөрүн чечүүгө сарптайт», — деди ал.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: