Menu

Саакашвили тарапташтары менен Украинанын аймагына өттү

Бөлүшүү:

Грузиянын мурдагы президенти, Украинанын Одесса облусунун экс-губернатору Михаил Саакашвилини анын украин тарапташтары күч түзүмдөрүнүн курчоосуна карабай, 10-сентябрда Украинанын аймагына өткөрүп кетишти.

Саакашвили Польша-Украина чек арасындагы “Шегини” өткөрмө бекетине багыт алганы маалым болгондо, украин чек арачылары бекетти жабышып, эки тарабынан тең күч түзүмдөрү жолду торошкон. Ага карабай, Саакашвилинин тарапташтары чек арачылардын курчоосун бузуп, Саакашвилини Украинанын аймагына өткөрүп кетишти.

Саакашвили алгач Украинанын аймагына Краковец өткөрмө бекетинен өтүүнү көздөгөн, бирок күтүүсүздөн планын өзгөртүп, польшалык Перемышл (полякча Пшемысл) жергесинен “Перемышл-Киев” поезди менен өлкө аймагына кирүүгө аракет кылган. Темир жол каттамынын жетекчилиги Саакашвили вагондон чыгып кетмейинче, поезд Перемышл темир жол бекетиндеги ордунан жылбастыгын эскерткен. Саясатчы үч сааттай күтүп, андан соң гана тарапташтары менен бирге “Шегини” бекетин көздөй автоунаа менен багыт алган.

Украинанын Одесса облусун бир жарым жылдай жетектеген Саакашвили 26-июлда АКШда жүргөндө украин жарандыгынан ажыратылган. Буга грузин саясатчысынын эки жыл мурда жарандык аларда жалган маалыматтарды көрсөткөнү себеп болду деп кабарланган. Ал 2015-жылдын 30-майында украин жарандыгын алганда, грузин атуулдугунан ажыратылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 − 48 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: