Menu

Орусиядагы шайлоодо өтө аз добуш берүүчүлөр катышты

Бөлүшүү:

Борбордук шайлоо комиссиясы өлкө боюнча шайлоого добуш берүүгө укуктуу жарандардын 29 пайызы гана катышканын жарыялады. Бул соңку жылдардагы эң төмөн көрсөткүч болуп калды.

Жекшемби, 10-сентябрда Орусияда бирдиктүү добуш берүү күнү өттү. Анын жыйынтыгы менен өлкөнүн 16 субъектисинин башчылары аныкталат. Мындан сырткары Москвада 125 райондо жергиликтүү кеңештин депуттары шайланат.

Орусиянын Ички иштер министрлиги шайлоо тынч өткөнүн билдирди. Байкоочулар шайлоочуларды акча жана арак менен “сатып алуу” аракеттери болгонун, үкөктөргө бюллетендерди салып жиберүү жана башка мыйзам бузуулар катталганын билдирип жатышты.

БШКдан шайлоонун жыйынтыгына таасир бере турган олуттуу мыйзам бузуулар болбогонун айтышты.

“Ачык Орусия” кабарлагандай, салтка айлангандай, абактарда жана психиатриялык ооруканаларда гана шайлоочулардын саны көп болду.

Буга карабай Орусия премьер-министри Дмитрий Медведев шайлоо жогорку деңгээлде өткөнүн, бардык аймактарда жарандар шайлоого активдүү катышканын айтты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 − = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: