Menu

Мирзиёев Ислам дүйнөсүн өнүктүрүү үчүн сыйлык ыйгарууну сунуштады

Бөлүшүү:

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Ислам дүйнөсүндөгү өлкөлөрдүн арасында илим жана технологиянын өнүгүшү үчүн салым кошкондорго Ислам кызматташтык уюмунун сыйлыгын ыйгарууну сунуштады. Бул тууралуу өзбек лидери Астанада өткөн уюмдун саммити учурунда билдирди.

«Маселен, дүйнөдөгү 500 мыкты университеттердин арасына биздин уюмга мүчө өлкөлөрдүн ичинен 11 гана жогорку окуу жай кирет. 2015-жылы ИКУ өлкөлөрүнүн арасында патент алуу үчүн арыз тапшыргандардын үлүшү 1,9% гана түзгөн. Тилекке каршы табигый рестурстарга бай болгонуна карабай, көптөгөн мусулман өлкөлөр инновациялык идеаларды жана технологияларды киргизүүдө тиешелүү деңгээлде активдүүлүгүн көргөзө албай жатат», – деди президент Шавкат Мирзиёев.

Анын айтымында, Өзбекстан өкмөтү уюмдун Самаркандда супер заманбап телескоп орнотуу сунушун колдоду.

Ал Ислам кызматташтык уюмунун илим жана технологиялар боюнча саммитин үч жылда бир өткөрүп турууну сунуштап, 2020-жылы Өзбекстан жыйынды өткөрүүгө даяр экенин айтты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − 11 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: