Menu

Фэллон: Орусиянын аскердик машыгуулары Батышка чагым салууга багытталган

Бөлүшүү:

Орусия менен Беларустун алдыдагы биргелешкен аскердик машыгуулары Батышка «чагым салууга» багытталган. Бул тууралуу Улуу Британиянын коргоо министри Майкл Фэллон BBC телеканалынын эфиринде билдирди.

«Биз мурдагыдан агрессивдүүрөөк Орусияны көрүп жатабыз. Аскердик машыгуулар бизге чагым салууга жана биздин коргонуубузду текшерүүгө багытталган. Дал ошондуктан биз күчтүү болушубуз керек», – деп билдирди ал.

ЕККУнун мүчөлөрү тарабынан кабыл алынган Вена документине ылайык, 13 миңден ашык аскердин катышуусунда машыгууларды өткөрүүнү каалаган өлкөлөр ал тууралуу алдын ала маалымат берип, байкоочулар үчүн ачык болушу керек. Орусия менен Беларус «Батыш-2017» деп аталган машыгууларга 12 700 аскер катыша турганын билдиришүүдө. Машыгуулар 14-20-сентябрь күндөрү Беларустун жана Орусиянын батыш аймактарында өтөт.

Анткен менен Батыш өлкөлөрүнүн аскердик чиновниктери менен эксперттери чынында машыгууларга катыша турган аскерлердин саны кыйла көп болорун божомолдошууда. Орусия Батыштын тынчсызданууларын негизсиз деп атап, аскер машыгуулары коргонуу мүнөзүнө ээ экенин жана коңшу өлкөлөргө, НАТОго жана Батышка эч кандай коркунуч жаратпастыгын билдирүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: