Menu

«Ривер Парк» сейил багы Каракол шаарына туристтерди тартат

Бөлүшүү:

Ишемби күнү, 9 сентябрда, Америка Кошмо Штаттарынын ыйгарым укуктуу өкүлү Алан Мельцер, Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орунбасары Монолдоров Дамир, Каракол шаарынын мэри Данияр Арпачиев менен биргеликте Ривер Парктын расмий ачылыш аземинде катышышты. Аталган паркта коомдук иш чаралар өткөрүлүп, Каракол шаарына келген туристтер жана жергиликтүү тургундар эс алышат. Каракол шаарында жана Кыргызстан боюнча чет элдик туристтердин санын көбөйтүү аркылуу иш орундарды камсыздоо жана жергиликтүү коомчулуктун кирешелерин көбөйтүү аракетинде АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) суу жээгинде сейил бак курду.

Каракол буга чейин эле туристтерди тарткан шаар катары белгилүү эле, бирок эми Ривер Парк Каракол суунун жээгин жыл бою уюштурулуучу коомдук иш чаралар, мааракелер жана фестивалдар өтө турган абдан кооз коомдук жайга айландырат.

Паркты куруу демилгеси  туристтик кызматтарды камсыздаган 35 ишканадан турган Каракол Дестинация тарабынан сунушталган. Бул демилгени ишке ашыруу максатында USAID Каракол Дестинациясы жана шаардын мэриясы менен өнөктөштүккө өткөн. Ривер Парк сейил багы туристтер шаардын сыртындагы жайгашкан тоолорго чыгып кеткенге чейин Каракол шаарында көбүрөөк убакытка калып, натыйжада жергиликтүү чакан бизнес ээлердин кирешесин көбөйткөнгө өбөлгө түзөт.

Ривер Паркты куруу долбоорунан башка USAID, Каракол шаарында конок үйлөрдү иштетүү жана туристтер үчүн жаңы сунуштарды иштеп чыгуу боюнча тренингтерди өткөзүп, шаарда алгачкы акысыз WiFi орнотуп, Каракол шаарын эл аралык басылмалар арасында жана туристтик көргөзмөлөр аркылуу жайылтуу боюнча долбоорлорду ишке ашырган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: