Бүгүн, 11-сентябрда Бишкек шаарынын Чүй жана Манас проспекттеринин кесилишиндеги жөөчөндөр үчүн жер алдындагы өтмөк капиталдык оңдоодон кийин кайра ачылды.
Бул өтмөк 1978-жылы курулган болучу. Быйыл май айында капиталдык ремонт башталган. Өтмөктүн дубалдары сары таш менен капталып, таманына кызыл жана боз түстөгү гранит таштар кыргыз орнаменттери менен шөкөттөлүп төшөлгөн. Өтмөктүн ичине заманбап ажаткана салынган. Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн атайын пандустар орнотулганы жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ