Menu

Азимбек Бекназаров: “Эмнеге Атамбаев 7 жылдан бери “Кумтөр” боюнча келишимди денонсация кылбайт?”

Бөлүшүү:

“Эмнеге Атамбаев 7 жылдан бери “Кумтөр” боюнча келишимди денонсация кылбайт? Эмнеге “Центерранын” кызыкчылыгын коргойт?”, – деп суроо салды төңкөрүшчү Азимбек Бекназаров 9-сентябрда 24.kg агенттигинде өткөргөн маалымат жыйынында.

“Кумтөр” алтын кени боюнча айтсак, 7 жылдан бери “коррупциялык схема менен Акаевдин убагында, Бакиевдин убагында келишим түзүлгөн” деп, ушул Атамбаевдин Жогорку кеңеши, эки чакырылыштагы Жогорку Кеңеши, Темир Сариев жетектеген мамлекеттик комиссия корутунду чыгарды. Бул коррупциялык схема экен деп. Акаевден бери баарын жоопко тартыш керек деди. Салянова анча-мынча Болот Абилдаевди, Курманбек Осмоновдорду сурак кылды дагы “мөөнөтү өтүп кетиптир” деп кылмыш ишин жапты. А эмне үчүн ошол келишимдерди денонсация кылбайт 7 жылдан бери? 7 жылдан бери жыл сайын “Кумтөрдөн” 30 тоннадан алтын чыгарып кетип жатышат. Жыл сайын 30 тоннадан алтын! Мамлекетибиз көрүнгөндөн карыз алып, карызыбызды үстөкө-бөстөк көбөйтүп жатабыз. Буга ким күнөөлүү? Кыргызстандын эли күнөөлүүбү? Эмне үчүн Атамбаев келишимдерди денонсация кылбай “Центерранын” кызыкчылыгын кармап олтурат? Өзү коррупциялык схема экен деп корутунду чыгарбады беле.Ага да мен күнөөлүүмүнбү? Бийликте 7 жыл өзү олтурбадыбы! Камакта жаткан Садыр Жапаров күнөөлүүбү?”- деди Азимбек Бекназаров.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: