Menu

Милиция кызматкерлери тарабынан 83 киллограммга жакын кара- куурай баңгизаты алынды

Бөлүшүү:

2017-жылдын 10-сентябрь күнү мурда сот жообуна тартылган 51 жаштагы А.И. аттуу Токтогул районунун жашоочусунун үйүн текшерүү учурунда беш даана капка салынган жалпы салмагы 82 киллограммды түзгөн кара-куурай баңгизаты табылган. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Ал эми Майлуу-Суу шаардык милиция кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында Майлуу-Суу шаарынан мурда сот жоопкерчилигине тартылган 49 жаштагы Т.С. аттуу жергиликтүү тургуну шектүү катары токтотуган. Текшерүү учурунда анын жанынан кара баштыкка оролгон 600 грамм кара-куурай баңгизаты табылган. Аталган фактылар боюнча ички иштер бөлүмдөрү тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш- жаза кодексинин 246-беренеси (Башкага берүү максатын көздөбөстөн бањгилик каражаттарды же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) менен кылмыш иштери козголгон. Тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: