Menu

Жөө жүргүнчүгө жол бербеген Исаковду коштогон автоунаалар кортежи милицияга айып пулун төлөйбү?

Бөлүшүү:

Кыргызстандын жаш жана жаңы премьер-министри Сапар Исаковдун командасына жаш кадрларды кошкондугу, ал тургай кеңешчилерин да жаштардан дайындагандыгы боюнча эл арасында уу-дуу кептер басыла элек. Ал тургай бийликтин акырынан жем жеген ММКлар анын бул “новаторлугун” эң чоң жетишкендик катары айтып, көрсөтүшүп, элдин башын айландырышууда. Өткөн жумада Ак үйдүн камчысын чапкан гезиттердин биринин кабарчысы Ала-Арча резиденциясындагы жаңы көчүп барган үйүндө маек алып, өтө эле “жупуну” жашай тургандыгын да көрсөттү. Бирок 9-сентябрда маалымат катчысы аркылуу айрым маалымат булактарга «Мен МАИден баш тарта алдым. МАИнин коштоосу жок жүрүш керек деп балдарды көндүрдүм. Себеби мен кортеждер өткөндө жол тыгын пайда болорун билем. Ал убакытта баары жумушка кетип жаткан учур. Эмне болорун элестетип көрүңүз”,- деп оозун жыйып бүтө электе аны коштогон автоунаалар кортежи жөө жүргүнчүлөр өтчү жол белгисине карабай өтүп кеткендиги тууралуу видеону бул көрүнүшкө күбө болгондордун бири интернетке жүктөп койгон. Жол эрежесине ылайык, жөө жүргүнчүгө жол бербеген унаанын ээси патрулдук милиция тарабынан кармалып, 1 миң сом айып төлөшү керек. Эми ИИМ бул адам өмүрүнө коркунуч келтирген жагдайга кандай чара көрөр экен?…

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 + = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: