Ислам кызматташтык уюмунун (ИКУ) илим жана технологиялар боюнча экинчи саммити 2020-жылы Өзбекстанда өтөт. Мындай чечим Астанада өткөн биринчи саммиттин жыйынтыгында кабыл алынды.
«Туруктуу экономикалык өнүгүү жана элди татыктуу жашоо деңгээли менен камсыз кылуу үчүн илимий-техникалык прогресстин маанилүү экенин эске алып, илим жана технологиялар боюнча саммитти үч жылда бир өткөрүп турууну сунуштайм. Бул сунуш колдоо тапса биз кийинки саммитти 2020-жылы Өзбекстанда өткөрүүгө даярбыз», – деди саммитте сөз сүйлөгөн Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев.
Ислам кызматташтык уюмунун илим жана технологиялар боюнча тарыхтагы алгачкы саммити 10-сентябрда Астанада ачылган. Ага уюмга мүчө өлкөлөрдөн, байкоочу мамлекеттерден, ошондой эле эл аралык жана аймактык уюмдардан 80ге жакын делегация катышты.
Өзбекстан президенти өз сөзүндө жаш окумуштуулар үчүн Эл аралык ислам борборун ачууну дагы сунуштады. Айтымында, ал билим алуу жана тажрыйба алмашуучу аянтча болуп, анда биргелешкен изилдөө иштери жүргүзүлүп турат. Андан тышкары Ислам кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн окумуштуулары үчүн атайын сыйлык негиздөө сунушталды.
«Энергиянын альтернативдик булагын кеңири пайдалануу — баарыбыз үчүн өзгөчө актуалдуулукка ээ. Буга байланыштуу биз тиешелүү илимий-изилдөө жана инновациялык долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенибизди билдиребиз», – деди өзбек лидери.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ