Menu

Акимдин “кылыгы” бүтүндөй өрөөн элин уят кылып…

Бөлүшүү:

Ашыкча жагынуунун да чеги болот да. Анан да жагынууну эч кимге залакасы тийбей тургандай деле жазаса болот го.

Бирок, айтылуу Кочкор жергесинин акими жагынуучулуктун чегинен ашып кетиптир. ЖМК айдыңында “Премьер министр Сапар Исаковдун кичи мекени Кочкордо талапкер Өмүрбек Бабановдун баннерин чечип жатышат. Жергиликтүү бийлик, райондун акими Бабановдун баннерин алып салууну буюрган. Илинген баннерлердин арендасы төлөнүп, мыйзам эрежелери толук аткарылган. Мындай аракет элди бөлүп-жарууга, тирешүүгө жана кыжырданууга алып келет”,- деген маалымат сүрөттөрү коштоло дүң дей түштү. Албетте, бул пикирге азырынча эч ким жооп бере элек. Эгер чындап аким мындайга барган болсо анда ал келечекте же губернатор болот же жоопкерчиликке тартылып, азыркы кызматынан кол жууйт. Кандай болгон күндө да акыйкат алдында бардыгыбыз шайлоону тең укуктуулукта өткөзүп алууга аракет жасаш керек эле. Анан да бир акимдин «акылсыз» жоругунан улам бүтүндөй бир чөлкөмдүн эли уятка калып, сөз болуп атканы жаман көрүнүш. Мындайларды өз учурунда тизгиндөө зарыл…

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 − = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: