«ЭКСПО-2017» — жакшы экономикалык, саясий жана илимий-техникалык натыйжа берди. Бул тууралуу Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 11-сентябрда көргөзмөнүн жабылуу салтанатында сөз сүйлөп жатып билдирди.
Мамлекет башчынын айтымында, ЭКСПО көргөзмөсүн өткөрүү — өлкөнүн «жашыл технологияларды» өнүктүрүү идеясын жактай турганын дагы бир жолу көрсөттү.
Назарбаев көргөзмөнүн аякташы — бир канча ири масштабдагы жаңы долбоорлорду, анын ичинде «Астана» деп аталган Эл аралык каржы борборун ишке берүүнүн башталышы болуп каларын белгиледи.
ЭКСПО тууралуу Азаттыктын сурамжылоосу:
ЭКСПО-2017 көргөзмөсү салтанаттуу түрдө 10-июнда ачылган. Казакстанда көргөзмөгө даярдык көрүү жараяны ири коррупциялык жаңжалдар жана кылмыш иштери менен коштолгон.
Астанадагы ЭКСПОнун башталышы:
https://www.youtube.com/watch?v=cYWLQiGc6zE&feature=youtu.be
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ