Menu

Мамлекеттик сатып алуулар болжол менен өлкө бюджетинин 40 пайызын түзөт

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин демилгеси менен “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзам долбоорлорун талкуулоого арналган парламенттик угуу өтүүдө. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттарынан сырткары, тиешелүү министрликтер менен мекемелердин, адистер менен эксперттер катышып жатат.

Тармактык комитеттин төрагасы Нурланбек Макеев “Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамга киргизилип жаткан түзөтүүлөр заман талабы экенин белгилеп, иш-чара катышуучуларын талкууга жандуу катышууга чакырды. «Өзүӊөр жакшы билесиӊер, мамлекеттик сатып алуулар тармагында көйгөйлүү маселелер өтө көп, биз аларды чечишибиз керек. Талкуу жүрүшүндө айтылган сунуштар менен пикирлер толугу менен талданып чыгып, алардын алгылыктуулары сөзсүз эске алынат», – дейт ал.

Каржы министри Адылбек Касымалиев өз баяндамасында “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзам Евразия экономикалык бирлигинин талаптарына шайкеш келтирилип жатканын баса белгиледи. «Азыркы учурда баардык мамлекеттик органдар менен жергиликтүү башкаруу органдарына 1 млн сомго чейинки сатып алууларды сынаксыз эле жүргүзүүгө уруксат берүү чаралары иштелип чыкты. Ошонтип, алар өз бюджетинин 3 пайыз өлчөмүндөгү каражатка да сынаксыз сатып алуусуна мүмкүнчүлүк түзүлөт», – деди министр.

Ошондон улам, «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамга «атайын тартип», «улуттук режим», «демпингдик баа» деген сындуу бир катар жаӊы түшүнүктөр киргизилүүдө. Каржы министри мыйзам долбоору Дүйнөлүк банк менен биргелешип иштелип чыкканын, анын жүрүшүндө бир топ чалкеш жоболор оӊдолгонун билдирди. «Айрым жоболорду ошо бойдон калтырыш керек. Ар компаниянын өз жетекчиси бар, жоопкерчилик ошолорго жүктөлүшү зарыл», – дейт ал.

Белгилей кетсек, 2016-жылы мамлекеттик органдар 44070 электрондук сынактын негизинде 43 млрд 520 миӊ сомго аргандай сатып алууларды жүргүзүлгөн. Мамлекеттик сатып алуулар болжол менен өлкө бюджетинин 40 пайызын түзөт. Өткөн жылы 504 миӊ сатып алуу ишке ашырылып, 3095 сатып алуучу уюм жана 13500 сатуучу катталган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 − 65 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: