Menu

Путин БУУнун тынчтык орнотуучулары боюнча позициясын билдирди

Бөлүшүү:

Орусия ЕККУ миссиясын согуш тилкелеринде гана эмес, башка жерлерде дагы кайтаруу боюнча БУУнун тынчтык орнотуучуларынын укуктары тууралуу демилгесин эске алууга даяр. Бул тууралуу дүйшөмбүдө Орусия президенти Владимир Путин Германиянын канцлери Ангела Меркел менен болгон телефондук сүйлөшүүсү маалында билдиргенин Кремлдин басма сөз кызматы кабарлады.

Мында кеп БУУ кызматкерлери ЕККУнун байкоочуларынын коопсуздугун камсыз кылуу аракеттерин согуштук тилкелерде гана эмес, уюмдун атайын мониторинг миссиясы иштеген башка аймактарда дагы көрө алары тууралуу болууда.

Буга чейин Кремль тынчтык орнотуучуларды Донбасстагы согуштук тилкелерге гана тартуу керек деген позицияны карманып келген. Ошол эле маалда БУУ кызматкерлеринин макамы менен ыйгарым укуктары куралдуу жикчилдер менен макулдашылышы дагы керек болгон.

Ошондой эле Кремлдин сайтында Путин менен Меркель Корей жарым аралындагы абал боюнча дагы өз ара пикир алмашышканы жазылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 − 61 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: