Menu

Бийлик катуу атаандашынан кантип кутулду?

Бөлүшүү:

Ажолукка талапкерлигин коюп, бирок БШКнын жасалма чечими менен жарыштан четтеп калган Ахматбек Келдибеков боюнча дагы бир талапкер, белгилүү саясатчы Адахан Мадумаров өзүнүн калыс кебин билдирди.

Мадумаров өз сөзүндө “Келдибековдун президенттикке талапкер болуп катталууга укугу барбы же жокпу бул маселе юридикалык багытта каралышы керек. Тилекке каршы БШКнын чечими Ахматбек Келдибеков боюнча жасалма болуп, туура эмес чыгып калды”,-деди. Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин V чакырылышынын төрагасы Акматбек Келдибековду 4-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы «соттуулугу жоюла элек» деп, расмий каттагандан баш тарткан. Тилекке каршы, БШКнын мындай кадамын Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Курманбек Эргешов, ушул тапта Кыргызстан, кыргыз эли Ахматбек Келдибековдун Жогорку Кеңеште спикер болуп турган убакта чыгарган мыйзамдары менен жашап жаткандыгын айтса, мурдагы Баш прокурор Азимбек Бекназаров, “Келдибеков сотто акталган, аны мыйзам боюнча эч ким соттолгон, деп айтканга укугу жок»-деген пикирде. Кандай деген менен калктын калың катмарында кадыры тоодой болгон Келдибеков бул шайлоодо өтө чоң атаандаштыкты жаратмак. Анүстүнө анын тегерегине да бир топ саясатчылар, талапкерлер топтолуп, бир күч болуп чыгышса анда сөз жок Келдибеков жеңишти илип кетмек. Муну сезген айрымдар Ахматбек мырзанын тагдырына тушамышты туурадан чыгып салып коюшту. Ошол эле маалда аны оюндан четтетүүдө мыйзамды уруп да ойношподу.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: