Menu

Сапар Исаков: Улуттук онкология борбору «Таза коом» долбоорунун алкагында модернизацияланган алгачкы пилоттук оорукана болот

Бөлүшүү:

«Улуттук онкология борбору «Таза коом» долбоорунун алкагында модернизацияланган алгачкы пилоттук оорукана болот. Мекеменин бардык дарыгерлери бейтаптардын ооруларын  электрондук каттоодон өткөрүү үчүн планшет менен камсыздалат. Биздин негизги максат онкологиялык илдеттен каза болгон жарандардын санын азайтуу», — деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 11-сентябрда, Бишкек шаарындагы Улуттук онкология борборундагы жүрүп жаткан оңдоо иштери менен таанышуу маалыманда. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Өкмөт башчы менен «Центерра Голд Инк» компаниясынын башкы директору Скотт Перри административдик имаратты жана азыркы тапта капиталдык ремонт иштери жүрүп жаткан бейтаптар жатуучу палаталарды көрүп чыкты.

Бүгүнкү күндө Улуттук онкология борборунун имаратынын ички жана сырткы бөлүгү толук оңдоодон өтүүдө. Мындан сырткары канализациялык системалары жана электр түйүндөрү да толук жаңыланууда.  Аны менен катар келерки жылы мекеменин аймагында жаңы жети кабаттуу имараттын курулушу башталат.

Сапар Исаков биздин өлкөдө жыл сайын 18 миңден ашык жаран онкологиялык оорунун түрүнөн каза болорун өкүнүү менен айтты. Буга байланыштуу Өкмөт абалды түп-тамырынан бери өзгөртүүгө аракеттениши керектигин кошумчалады.

«Борбордун бардык аймагы толук жарыктандырылып, видео көзөмөл орнотулат. Биз өлкөнүн бардык ооруканаларына мекемени кантип оңдоону көрсөтүшүбүз керек. Келечекте муну менен эле топтоп калбастан, өлкөдөгү башка ооруканаларды да оңдоодон өткөрөбүз», — деди Сапар Исаков.

Өкмөт башчы ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти Аламазбек Атамбаевдин тапшырмасы менен оңдоо иштери ушул жылдын 1-ноябрына бүткөрүлүшү зарыл экендигин билдирип, тиешелүү мамлекеттик органдарга аткарылып жаткан иштердин сапатына өзгөчө көңүл буруу жана көрсөтүлгөн мөөнөттөн кечиктирбей ишке берүүнү тапшырды.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен «Центерра Голд Инк.» компаниясынын ортосунда айлана чөйрөнү коргоо жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча Стратегиялык Келишимдин алкагында компания Бишкек шаарындагы Улуттук онкология борборун оңдоодон өткөрүп, заманбап медициналык жабдуулар менен камсыз кылууга 10 млн АКШ долларын бөлүү маселеси каралган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 50 = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: