Бүгүн, 12-cентябрда КР президенттик кызматына талапкер Бакыт Төрөбаевдин штабы “Кайра Жаралуу” саясий биригүүгө кирген Бакыт Төрөбаев, Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев жана Ахматбек Келдибеков жөнүндө пресс-релиз таркатты.
Пресс-релизде төмөндөгүдөй айтылат: ““Өнүгүү-Прогресс” партиясынын саясий кеңеши 2017-жылдын 11-сентябрь күнү “Ата-Журт Мекенчил” жана “Бүтүн Кыргызстан” партиялары менен боло турган биригүүнү жана бирдиктүү талапкерди көрсөтүүну талкуулап, үстүбүздөгү жылдын 6-августунда кабыл алынган үч партияны бириктирүү жөнүндө Келишимди токтотууга бир добуштан чечим кабыл алды”.
“Мен саясатчыларды биримдикке чакырууга жана жаңы саясий күчтү курууга болгон аракетимди жумшадым, бирок тилекке каршы кээ бир менин тарапташтарым жеке амбицияларын жеңе алышкан жок. Азыркы учурда мен ачык эле айта алам, 2017-жылдын 6-август күнү “Ата-Журт Мекенчил” жана “Бүтүн-Кыргызстан” партиялардын лидерлери менен бирге кол коюлган биздин Келишимибиз боюнча, мен үч саясий партиянын атынан КР президенттигине бирдиктүү талапкер катары көрсөтүлмөкмүн. Эгерде биздин Келишимибиздин эң башкы шарты аткарылбаган болсо, мен ойлойм анын саясий күчү да жоголот”- деди Бакыт Төрөбаев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ