Menu

Элдин мүрзө талаша баштагандыгы акыр замандын белгиси эмеспи?

Бөлүшүү:

Акыркы кезде мектептен мечит көп салынган, көчөдө галстукчандардан сакалчандардын карааны басымдуулук кылган өлкөбүздө диний кырдаал радикалдык мүнөзгө өтүп, тирүүлөрдү мындай кой, маркумдарды акыркы сапарга узатууда да чыр-чатактар чыгууда. Мына ошондой көрүнүштөрдүн бири 6-сентябрда Аксы районунун Итагар айылында болду. Аталган айылдын тургундары Баба-Ата мазарын тазалаганы барган жергиликтүүлөрдү ур-токмокко алган молдолорго нааразы болушууда. Мазарды тазалаганы барган жергиликтүү тургундар менен мазарды караган шайыктын ортосунда талаш чыккан. Баба-Ата мазарын тазалаганы баргандарды мазардын шайыгы ал жерге киргизбөөгө аракет кылган. Кийин тургандар ал жерди өз алдынча тосуп, мазардын каралбай калганын сынга алышкан. Мындан улам шайык өзүнүн тааныштарын чакырып, айыл тургундарын коркуткан. Тургундардын айтымында, 4-август күнү Баба-Ата мазарын тазалаганы баргандар кечкисин үйлөрүнө кетип жаткан учурда аларды белгисиз адамдар тосуп алып, коркутууга алышкан. Ошондой эле, Бакыт аттуу жигитти ур-токмокко алышып, мазарга барбагыла деген талап коюшкан. Аксы районунун милиция кызматы да, тиешелүү диний уюмдар да молдолор менен жергиликтүү элдин мүрзөдөгү чатагы тууралуу маалымат берише элек. Эмнеси болсо да башкасы калып, бир элдин диний көз караштан улам мүрзө талаша баштагандыгы акыр замандын белгиси эмеспи?

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 + = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: