Menu

Чудонун «чучугу» даамдуу окшойт…

Бөлүшүү:

Коррупция менен күрөшүп атабыз деген ураан «ууруну карма деп ууру чуркап жүрөт»-дегендей эле болуп жатат. Бийлик күн санап эле коррупционерлерди пачкелеп кармап атабыз дешет. Алары коррупционер эмес эле карапайым калктын беш он миӊ сомду жегиси келген байкуш сымак өкүлдөрү. Ошол эле маалда олчойгон суммаларды сугунуп койгон эргулдар кайда жүрөт? Ушул жерден бир суроо жаралат, «Ким биздин тагдырыбызды чечип атат»-деген? Ооба, депутаттар чечип аткандай…

Ал эми аныгында депутаттардын санын 120га жеткирип алып, анан алар ай сайын кайра кайра алмашып атып санына баш жетпей калды. Бирок, ошолордун арасында кимдер бар да кимдер жок? Муну талдагандар, тактагандар деле жок. Башкасын айтпайлы, кезинде Кыргыздын ырыскысын кымырып алып, далайларды сыздаткандар олтурат. Маселен, Игорь Чудиновдун парламентте олтурууга моралдык укугу барбы?

Ушул суроого ким жооп берет? Бул «чудочул» эргул туурасында эмне деген гана материал жарык көрбөдү? Бирине да же өзү, же тиешелүү тармактар жооп айтпады. Же эмне Игорлорсуз иш жүрбөй калабы? Акыры бизге люстрация мыйзамы зарыл окшойт, Чудиновго окшогондордон тазалануу үчүн. Же Чудиновдун «чучугун» соруп жеш үчүн аны камабай жатышабы? Кана коррупция менен  күрөш деген эмес?

Булак: «Майдан. kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − 75 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: