Menu

Бир катар шаарлардын таза суу маселеси менен канализация тутуму жакшырат

Бөлүшүү:

Бүгүн, 12-сентябрда Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында бир катар ратификациялык мыйзам долбоорлору каралды. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган ратификациялык мыйзам долбоорлору Өзгөн, Майлуу-Суу, Токтогул жана Балыкчы шаарларынын таза суу менен камсыз кылууга жана канализация системасын реабилитациялоого багытталган. Ратификациядагы насыялык макулдашуулар 15 жана 25 жылдык төлөө мөөнөтү белгиленип, 3 жана 8 жылдык жеңилдетилген мөөнөт көрсөтүлгөн. Насыяларнын ставкасы Euribor+.

Макулдашуулардын негизинде Өзгөн шаарын таза суусу менен камсыздап, канализациясын оңдоп-түзөөгө 8,5 млн евро жана 2,75 млн АКШ лоллары, Майлуу-Суу шаарына 6,65 млн евро жана 1,6 млн АКШ доллары, Токтогул шаарына 5,3 млн евро жана 1,21 АКШ доллары жана Балыкчыга 5,3 млн евро жана 1,21 АКШ доллары өлчөмүндөгү кредиттик жана гранттык каражаттар берилмекчи.

Комитеттин жыйынына чакырылган аталган шаарлардын мэрлери жергиликтүү тургундарга маалымат берилгендигин, шаардык кеңештердин тиешелүү чечимдери бар экендигин белгилешти. “Эгер шаар тургундарына суткасына24 саат таза суу бериле турган болсо анда алар ага жараша сууга болгон бааны төлөөгө даяр”,- дешет шаар башчылары.

Жыйынтыгында аталган ратификациялык мыйзам долбоорлору жактырылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: