Menu

Жалал-Абадда эпидемияга жана эпизоотияга каршы чукул чара көрүү комиссиясынын жыйыны өттү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 12-сентябрда ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабековдун төрагалыгында эпидемияга жана эпизоотияга каршы чукул чара көрүү комиссиясынын жыйыны болуп өттү. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы билдирди. Жыйынга райондордун акимдери  менен шаарлардын мэрлеринин социалдык маселелерди тейлеген орун басарлары, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун директорлору, райондук ветеринария кызматкерлеринин башчылары жана район-шаарлардын СЭСтеринин башкы дарыгерлери катышты.

Комиссиянын олтурумунда Жалал-Абад облусунун Аксы, Сузак райондорунда күйдүргү, бруцуллез, кутурма ооруларынын абалы, Базар-Коргон районунда адамдардын арасында күйдүргү оорусунун жана мал жандыктарынын арасында кутурма оорусунун катталышы туурасындагы маселелер каралып талкууланды. Бул боюнча Жалал-Абад облустук СЭСтин башкы дарыгери Үсөн Жоробаев маалымат берди.

Быйылкы жылдын өткөн 8 айында Базар-Коргон районунда эки адамдан күйдүргү оорусу аныкталып, азыркы мезгилде  ал тургундар ооруканадан толук сакайып чыгышты. Облус боюнча кара малдан жуугучу күйдүргү оорусунун 369 очогу катталып, анын ичинен табылганы 168 болуп саналат. Кутурма оорусу калктын арасында катталбаганы менен үй-жаныбарларынын арасында эпизоотиялык абал туруктуу эмес. 2017-жылдын 8 айында облус боюнча үй жана айыл чарба жаныбарларынан жабыркап, медициналык жардамга 1824 адам кайрылган. Базар-Коргон районунда кутурган малдын этин жеген 17 адамга кутурма оорусуна каршы вакциналар берилүүдө. Базар-Коргон районунун Могол жана Арстанбап айыл аймактарында жолбун иттерди, мышыктарды жана ылаңдарды тез жугузуучу жапайы жаныбарларды жок кылуу маселеси талаптагыдай жүргүзүлбөй келүүдө. Малдын миграциясы чоң көйгөйлөрдү жаратып келүүдө. Райондук статистика тарабынан берилген малдын саны иш жүзүндө андан  көп болуп чыгууда. Менчик ветеринардык сервистерде атайын бөлмө ажыратылбагандыктан 2 камералуу муздаткычтарда вакциналар тамак-аш азыктары менен бирге сакталууда.

Эпидемияга жана эпизоотияга каршы чукул чара көрүү комиссиясынын жыйынында 1-сентябрда Сузак районунда балмуздактан ууланган 16 адам туурасында Сузак райондук СЭСинин башкы дарыгери Арстан Калиловдун маалыматы угулду.  Жалал-Абад шаарындагы Токтогул сейил багындагы “Лайк бургер” бал муздак сатуучу жайга балмуздактын сырьесу Сузак районундагы Октябрь айылынын тургуну Л. Бахрамова тарабынан алынып келинген. Лабораториялык изилдөөдөн өткөрүлгөн балмуздак азыгынан стафилокок ауреуз аныкталган. Учурда балмуздак сатылуучу жай жабылып, Сузак жана Жалал-Абад шаарларындагы тамак-аш жана балмуздак менен тейлөөчү коомдук жайлар катуу текшерүүгө алынууда. Балмуздактан ууланып ооруканага түшкөндөр сакайып, үйлөрүнө чыгып кетишти.

Эпидемияга жана эпизоотияга каршы чукул чара көрүү комиссиясынын жыйынында каралып талкууланган маселелер боюнча кетирилген кемчилдиктер октябрь айында өтүүчү жыйында кайрадан карала тургандыгы туурасында  чечим кабыл алынды.

Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 25 = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: