Menu

Сот журналист Зулпукар Сапановду “Кыдыр санжырасы” деген китеби үчүн 4 жылга кесип, күчөтүлгөн режимдеги түрмөгө камады

Бөлүшүү:

Кечээ, 12-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту журналист Зулпукар Сапановду “Кыдыр санжырасы” деген китеп жазып чыккандыгы үчүн 4 жылга эркинен ажыратып, сот залынан камакка алды жана күчөтүлгөн режимдеги түрмөгө айдады.

Зулпукар Сапанов 2016-жылы “Кыдыр санжырасы” деген китеп жазып, аны Кыргызстандагы бир топ басылмалар аркылуу тараткан. Анда автор Кыдыр Атанын образын пайдалануу менен кыргыздын санжырасындагы Оң канат, Сол канат жана Ичкилик канаттарына талдоо жасап, улутту кийинки сырттан келген диндер аркылуу эмес, кыргыздын салттуу традияларынын негизинде бириктирүү идеяларын чагылдырган.

Буга макул болбогон бир топ диний өкүлдөр журналист Зулпукар Сапановду диний кастыкты ырбатып жатат, мусулманчылыкка шек келтирди деп сотко беришкен.

Сот журналистти өз оюн эркин билдиргени үчүн мусулман диний өкүлдөрүнүн арызы менен эркинен ажыратты. Ошол эле учурда ушул эле соттордун колу менен ондогон мусулмандар экстремист жана башка ар кандай жалаалар менен абакка алынып, далилсиз же сотсуз эле милиция тарабынан атылып ташталып жатканын эске алсак “бөлүп-жарып башкара бер” принциби кынтыксыз иштеп жатканына күбө болуп олтурабыз.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 9 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: