Menu

Башкалар шайлоо менен алектенсе, Ташиев элдин камын ойлоп жүрөт

Бөлүшүү:

Камчыбек Ташиев ушул убакта элдин камын ойлоп, жол салуу менен алек болуп жүрөт. Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районундагы Бай-Мундуз айылында бир чакырымга жеткен жол жарактан чыгып калган экен. Анын мындай абалда жатканына көп болуптур. Бир канча убакыт мурда кадимки Чубак ажынын энеси кайтыш болуп, батага баргандардын автоунаалары чаңга  бастырылып, ошол жолду араң басып өтүшкөн.

Чубак ажынын кичи мекени биз атаган айыл экенин белгилей кетели. Мына, ошондо, көпчүлүк менен чогуу батага барган Камчыбек Ташиев бозоргон жолдун акыбалын көрүп, бүгүнкү  Кыргызстандын көздөн далда айылдарынын жолдору өлкөсүнүн күзгүсү болуп атканына жаны кейиген. Чындаса, эгемендүүлүк алган жылдары Бишкек-Ош, же туристтерди касиеттүү Ысык-Көлгө алып барчу мамлекеттик мааниси бар гана жолдор оңдолуп, калганы көз жаздымда калып келгени жалганбы? Райондордун, андагы айылдардын жолдору СССРдин убагынан бери каралбай,  ал  кезде дагы сапаттуу курулган экен, тешилип, чаңга оонап калса да, адамдарды ары- бери  кыбыратканга жарап турат. Ичинен байкаганды сыртынан эч кимге ачылып, убадасын бербеген Ташиев сөздөн ишке өтүүнү туура көргөн. Аталган жолду ушул азыр оңдоп, ишке берди. Жол оңдоого кеткен каражат саясатчынын өз чөнтөгүнөн чыкканын да кошумчалай кетели. Учурда мындан бир аз убакыт мурда эле автоунаалардын азабы болуп аткан жол жаркырап, көргөн көздү кубантып калды. Муну азырынча Чубак ажы деле уга элек болсо керек.

Андан тышкары, ошол эле облустагы Барпы айыл өкмөтүнө караштуу Комсомол айылынын жолу да көргөндү ыйлата турган абалга кептелген экен. Болгондо да, күн сайын окуучулар мектепке  каттаган жол талкаланып, эртең менен таза кийинип, чыкыйып чыккан окуучулар мектебине  жеткиче эле, бозоргон чаңга оронуп, бут кийимдеринин кандай түстө экени билинбеген тейде сабакка кирип барышчу экен.  Жөө адамдар ушундай кыйналганда, андан өткөн автоунаалардын  кайгысын айтпай эле коелу. Бул жолдун да чыгымын да Камчыбек Ташиев өзүнө алып, оңдотту. Эми, Комсомол айылынын мектеп окуучулары даңгыраган жол менен каттап калышты. Андан сырткары, учурда Барпы айыл округундагы Боз-Чычкан айылында да 2 чакырым жолду Камчыбек  Ташиевдин түздөн-туз демөөрчүлүгү менен асфальттап башташканы тууралуу жагымдуу жанылык келди.

Жаштарды жаман жолдон, бузуку ойдон спорт калкалап тураарын саясатчы жакшы билет. Спортко жакын өскөн балдардын ден соолугу чың болуп, алар эртеңки саламаттыгы сак улуттун кепилдиги болуп беришет. Аталган айыл өкмөтүнүн жаштары өз жергесинде футбол аянтчасы болбогондугуна байланыштуу, убактыларынын көп бөлүгүн жолго кетирип, Жалал-Абад шаарына барып ойношчу  эле. Азыр эми шаарга барып отурушпайт. Жакынды эле Ташиев жаштардын каалоосун   орундатып, футбол талаасын куруп берди. Буга 25 миң доллар сарпталды.  Башкаларчылап,  каражатын асманга сапырып, шайлоонун үгүт иштерине  колдонбостон, элге пайдалуу нерсеге  жумшады. А чындыгында, эл баарын көрүп турат, иштин адамын үгүт иштерисиз эле колдоого  алышат.

Ушул жерден бир нерсени кыстара кетели. Бир канча жыл мурун Чаткал райондагы Ыдырыс-Ата күмбөзүн да Ташиев оңдоп берген. Ыйык жердин көркү кетип, жааган жаан күмбөздүн төбөсүн оюп, бийик тоонун чокусунда жайгашкан ага кары-картаңдардын чыгышы кыйындап атчу. Кайсы бир иш сапарында ыйык жердин акыбалына күбө болгон саясатчы элди сурандырып отурбай эле, дароо керектүү курулуш каражаттарын алып берип, усталарды жалдап, күмбөздүн төбөсүн жаан-чачын тийбегендей кылып тостуруп, тоонун чокусуна цементтен тепкич жасатып, эки жагына  жаркыратып  жарыктарды орноттуруп берген. Азыр күмбөзгө барган ар бир зыяратчыга ал жердин молдосу ыйык жер ким аркылуу оңдолгонун жомоктоп айтып берип, куран окутулгандан соң Камчыбек Ташиевге жакшылыктарды тилеп бата тартышат. Бул билинбей отуруп,  зыяратчылардын салтына айланып баратат. Кыскасы, эл үчүн жүрөгү күйүп, ага кандайдыр бир пайда келтирсем деп ниет кылган адам «буларды жасайм, бирок, шайласаңар» деп соодалашып  отурбайт. Убадага карк кылып, баракка «программа» жазып, бакылдап окуп убакыт кетирбейт. Анын программасы жүрөгүндө, элге деген жакшы ниетинде. Мындай адамдар шайлоо алдында бир ай гана элге жолугуп, элди «сүйүп» жибербейт, алар үчүн ар дайым «шайлоо», ар дайым эл кызматында.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: