Menu

Видео – Үч жылга шарттуу кесилген Жанболат Мамай сот өкүмүнө даттанбайт

Бөлүшүү:

Үч жылга шарттуу кесилген журналист Жанболат Мамай доо арыз менен сотко кайрылбайт. Бул тууралуу ал Алматыда жарандык активисттер жана медиа өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда билдирди.

Маалымат жыйында Мамай өкүмдү даттанбай турганын, себеби бул “убакытты бошко коротуу” экенин айтты.

Оппозициялык маанайдагы «Саяси калам. Трибуна» гезитин чыгарып келген журналист Жанболат Мамай 7-сентябрда Алматы соту тарабынан үч жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылган. Сот аны БТА Банктан мыйзамсыз чыгарылган делген акчаларды гезиттин редакциясы аркылуу жашырууга күнөөлүү деп тапкан.

29 жаштагы журналист дээрлик жети ай камакта болгон. Ал бозгундагы казакстандык олигарх Мухтар Аблязов менен бирге миллиарддаган доллар арам акчаны адалдоого аралашкан деп айыпталган. Камакка алынардан мурда Жанболат Мамай ага басым болуп жатканын билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: