Menu

Диний себеп менен соттолгондордун үй-бүлөлөрү түрмөлөрдөн кат ала башташты

Бөлүшүү:

Өзбекстанда диний себептерден улам эркинен ажыратылган жарандардын үй-бүлөлөрү абактардан каттарды жана телеграммаларды ала башташты. Анда түрмө администрациялары соттолуучунун жаза мөөнөтүнүн бүтө турган датасын жазып, кат ээлеринен туугандарын алып кетүүнү сурашууда.

Анжияндык укук коргоочу Саиджахон Зайнобиддиновдун айтымында, Өзбекстанда мындай тажырыйба биринчи жолу колдонулууда:

– Мына ушундай кат алган үй-бүлөлөрдүн бири менен сүйлөштүм. Катта 2000-жылдан бери түрмөдө жаткан баласынын жаза мөөнөтү 27-сентябрда аяктай турганы жазылган. Колониянын администрациясы ата-энесинен түрмөгө келип, баласын алып кетүүнү сураган. Мындан тышкары Анжиянда дагы бир нече үй-бүлө ушундай кат алган , –деди укук коргоочу Саиджахон Зайнобиддинов.

Укук коргоочу бийликке президент Шавкат Мирзиёевдин келиши менен диний себептерден улам соттолгондорго жумшак мамиле жасала баштады деп эсептейт.

Буга чейин Өзбекстандын 16 миңге жакын жараны диний-экстремисттик агымдардын мүчөлөрү деп аталган кара тизмеден чыгарылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: