Menu

Тармактык комитет Улуттук банктын төрагалыгына Кулматовдун талапкерлигин жактырды

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети Президенти тарабынан Улуттук банктын төрагалыгына көрсөтүлгөн Кулматов Кубанычбек Кеӊешовичтин талапкерлигин колдоду. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирет.

Тармактык комитеттин төрагасы Нурланбек Макеев баштаган бир катар депутаттар Улуттук банктын ишинде кандай өзгөрүүлөр боло турганына кызыгышы. Талапкер Улуттук банктын башчылыгына бекип калса, банктын жетекчилигинде анчалык деле кадрдык өзгөрүүлөр болбой турганын белгиледи. «Улуттук банк табиятында консерватордук орган болуп саналат. Ал азыр натыйжалуу иштөөдө. Ошондон улам, кескин өзгөрүүлөрдү киргизүүгө муктаж деле эмес», – дейт Кубанычбек Кулматов.

Белгилей кетсек, Улуттук банктын мурдагы төрагасы Толкунбек Абдыгулов жаӊы өкмөт курамындагы вице-премьер-министрлик кызмат ордуна дайындалган. Ал Кубанычбек Кулматов ушу тапта Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондун жетектөөдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: