Menu

Чыныбай Турсунбеков: “Кыргыз тилин үйрөтүү жагында чабалдык болуп жатат”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 13-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамды аткаруу тууралуу” “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 26-майындагы № 591-VI токтомун аткаруу жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралды. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.

КР вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова аталган токтомдун аткарылышы боюнча КР Өкмөтү тарабынан жасалып жаткан иштерди тизмектеди. Анын белгилөөсүндө мамлекеттик тилди билүүсүн аныктоочу “Кыргызтест” системасы боюнча токтом кабыл алынган. Ошону менен катар, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил комиссиясынын алдындагы Терминалогиялык комиссия материалдык-техникалык жактан камсыз кылынган. Мындан сырткары, мамлекеттик органдардын ортосунда мамлекеттик тилде кат алмашуусун камсыздоо, мамлекеттик кызматкерлерди мамлекеттик тилди окутуусун жүргүзүү жаатында иштер жүргүзүлүп жатат.

Талкууда депутаттар тарабынан мобилдик телефондорго кыргыз тилин үйрөтүү боюнча программаларды киргизүү жаатында иштер жүргүзүлүшү зарылдыгы белгиленди. Ошондой эле бала бакчаларга жомок китептерди таркатууда таалим-тарбияга жык толгон кыргыз эл жомоктору камтылган китептердин көбөйтүү маселеси көтөрүлдү.

Бул көйгөйлүү маселеге Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков дагы токтолду. “Кыргыз тили кыргыз элинин эне тили гана эмес, кыргыз элинин ар-намысы”, – деген Жогорку Кеңештин Төрагасы эне тилибизди өркүндөтүү максатында мамлекет тарабынан каражат бөлүнүп, шарттар түзүлүп жаткандыгын белгиледи. Ошону менен катар, кыргыз тилин үйрөтүү жагында чабалдык болуп жаткандыгын, тилди үйрөтүүнүн методикасы дагы учурдун талабына жооп бербей жаткандыгын сынга алды. Чыныбай Турсунбеков кыргыз тилин натыйжалуу үйрөтүү боюнча бала бакчалар, дегеле балдар үчүн кыргыз тилиндеги мультфильмдерди көбөйтүү дагы алгылыктуу жолдордун бири экенин айтып, мамлекеттик тилди өнүктүрүү жаатындагы тиешелүү мекемелердин көңүлүн бурду.

Талкуу соңунда “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамды аткаруу тууралуу” “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 26-майындагы № 591-VI токтомун аткаруу жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору кабыл алынды. Анда мамлекеттик тилди өнүктүрүү багытында жасалып жаткан иштер боюнча КР Өкмөтү ар алты айда маалымат берип туруусу белгиленди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 63 = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: