Menu

Кыянбек Сатыбалдиев Кытайдын Кызыл-Суу Кыргыз автономиялуу облусунун делегациясын кабыл алды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 13-сентябрда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу Кыргыз автономиялуу облусунан келишкен делегациянын өкүлдөрүн кабыл алды. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады. Кытай Эл Республикасынан келген делегациянын курамында  Кызыл-Суу облусунун партком секретарынын орун басары Гуан Ён Джиан, Акчи оданынын акими Тилеш Нуршат, Кызыл-Суу облусунун эл аралык сооданы илгерилетүү мекемесинин башчысы Эминжан Абдырейим жана Кызыл-Суу облусунун Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүктүн партия секретары Лю Джон Шин болду.

Ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу Кыргыз автономиялуу облусунан келишкен делегациянын өкүлдөрүнө Жалал-Абад облусу туурасында кеңири маалымат берди жана эки тараптуу соода-сатык, туризм тармагында кызматташуу маселелерине меймандардын көңүлүн бурду. ЖАМУда ачылган Конфуций борборунда студенттерге кытай тилин жана маданиятын тереңдетип окутуу иштери ийгиликтүү жүрүп жаткандыгын белгилеп кетти.

Өз кезегинде Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу облусунун партком секретарынын орун басары Гуан Ён Джиан келерки жылы Жалал-Абад жергесинде Кызыл-Суу Кыргыз автономиялуу облусунун жарменке көргөзмөсүн өткөрүү максаты белгиленип жаткандыгына ортого салды. Мындан сырткары эки облустун ортосунда саламаттыкты сактоо, билим берүү жана туризм жаатында иш-тажрыйба алмашуу сунушун билдирди. Кытайдан келген делегациянын өкүлдөрү табияты  кооз Арстанбап жергеси менен Жалал-Абад санаториясында туризмди өнүктүрүүнүн чоң мүмкүнчүлүктөрү жаткандыгын канааттануу менен белгилешти.

Эки тараптуу жолугушуунун соңунда  Кызыл-Суу Кыргыз автономиялуу облусундагы  Акчи оданынын акими Нуршат Тилеш жана Сузак районунун акими  Эрмекбай Омошев эки райондун ортосунда достук карым-катнашты жакшыртуу жана кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу Кыргыз автономиялуу облусунан келген делегациянын өкүлдөрү менен болгон жолугушууга ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, Жалал-Абаддагы медициналык окуу жайынын директору Салайхидин Мусаев катышты.

     Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 − 20 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: