Милициянын полковниги Коомбаев Абдыш Абазович 1969-жылы 23-февралда туулган. 1997-жылы КМУУну бүтүргөн. 2008-жылы Россия Федерациясынын ИИМнин Академия башкармалыгын аяктаган. Юридика илимдеринин доктору. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.
1987-1989-жылдары Советтик армияда кызмат өтөп, 1992-жылдан тартып ички иштер органдарында иштеп баштаган. Анын ичинен Сокулук жана Чүй РИИБнин тергөө бөлүмдөрүнүн башчысы, Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн башчысы катары жетекчилик орундарда иштеген. Кыргыз Республикасынын ички иштер органында иштеп жаткан учурунда мамлекеттик жана түзүмдүк төш белгилер менен сыйланган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ