Menu

Ошто 31 жаштагы жигитти өлтүргөн төрт жаран кармалды

Бөлүшүү:

2017-жылдын 5-сентябрь күнү, болжол менен саат 14:00 чамасында Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн Ит-Качкан мал жайытында өздүгү такталбаган азият улутундагы 20-25 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылган. Бул туурасында Ош ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирет.

Жогорудагы факт боюнча Ош ОИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам-тергөө тобу түзүлгөн.

Козголгон кылмыш иштин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш -чараларынын негизинде белгисиз эркек киши 1986- жылы туулган А.А. аттуу Баткен шаарынын тургуну экендиги аныкталган.

2017-жылдын 9-сентябрь күнү Ош шаарында Кыргыз Республикасынын ИИМнин, Ош ОИИБнин, Баткен ИИБнин кызматкерлери тарабынан оор кылмышка шектүү катары Баткен шаарынын 1988–жылы туулган У.С. аттуу тургуну кармалган.

12-сентябрь күнү Бишкек жана Баткен шаарынан жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар 26 жаштагы А.Н. жана Ж.Ч., 32 жаштагы С.К. аттуу Баткен шаарынын тургундары кармалышкан.
Шектүү катары кармалган жарандар 5-сентябрга караган түнү саат 04:00 чамаларында Баткен шаарынын көчөлөрүнүн биринде жайгашкан соода түйүнүндө маркум менен биргеликте спирт ичимдигин ичишкен. Пикир келишпестиктен улам алардын ортосунда чыр чыгып мушташка айланган. Кармалган үч шектүү жараан маркумду ур-токмокко алышып, жабырлануучунун колу бутун байлашып, жасаган кылмыш иштерин жашыруу максатында ага таандык “Субару-Форестер” үлгүсүндөгү унаага салып, Ош шаарын көздөй айдап жөнөшкөн. Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн Ит-Качкан мал жайытына маркумдун сырткы кийимдерин чечип алышып, маркумдун жансыз денесин калтырып, унаасы менен Бишкек шаарына жөнөп кетишкен. Субару-Форестер үлгүсүндөгү унааны арзан баада сатып, шектүүлөр кайрадан Ош шаарына келишкен. Учурда шектүүлөр убактылуу-кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: