Астанага Сириядагы абалды жөнгө салуу боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн кезектеги айлампасына катыша турган тараптардын өкүлдөрү келе башташты. Жергиликтүү маалымат агенттиктер билдиришкендей, сүйлөшүүлөрдүн башкы темасы — Сириянын Идлиб провинциясында коопсуздук зонасын түзүү болуп эсептелет.
Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Астанадагы сүйлөшүүлөргө БУУнун Сириядагы өкүлү Башар Жафари башында турган Сириянын өкмөттүк делегациясы келди. Учурда алар Казакстан борборуна куралдуу оппозиция өкүлдөрүнүн келишин күтүп жатышат.
Буга чейин Казакстан ТИМи кабарлагандай, Сирия боюнча Астанадагы сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы 14-15-сентябрь күндөрү өтөт. 15-сентябрда Rixos President Astana мейманканасында пленардык жыйын өтөт деп күтүлүүдө.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ