Menu

Тажикстанда 1-октябрдан тарта электр энергиясы кымбаттайт

Бөлүшүү:

1-октябрдан тарта Тажикстанда электр энергиясына болгон тарифтер 15 пайызга жогорулайт. Бул тууралуу «Барки точик» энергохолдингинен кабарлашты.

Мекемеден билдиришкендей, тиешелүү токтомго өкмөт башчы Эмомали Рахмон тарабынан 29-августта кол коюлган.

Токтомго ылайык, учурда 14,65 дирамдан сатылып жаткан бир киловатт электр энергиясынын баасы болжол менен 16,85 дирамга (2 центке жакын) чейин жогорулайт деп күтүлүүдө.

Бийлик тарифтердин жогорулашы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө тиешелүү болбой турганын билдирүүдө – өкмөт алардын короткон каражатынын ордун толтуруп берүүнү убадалоодо.

Февралда Тажикстанда керектөөчүлөрдүн айрым категориялары үчүн электр энергиясына болгон тарифтер жогорулатылган. Анда баалардын жогорулашы катардагы жарандардын чөнтөгүнө таасир эткен эмес.

Тажикстанда электр энергиясынын баасы Дүйнөлүк банктын сунушу менен жылына эки жолудан 20 пайызга жогорулап турат. Электр энергиясына болгон тарифтерди акырындык менен көтөрүү тууралуу меморандумга Тажикстан өкмөтү менен Дүйнөлүк банк 2006-жылы, өлкөнүн энергетика тармагынын кирешелүүлүгүн арттыруу максатында кол коюлган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 + = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: