Menu

Хан болууга ашыккандар Чеч-Дөбө менен Кошой-Коргонго барып ак боз бээ союшууда

Бөлүшүү:

Тунгуч президент Аскар Акаев ар жолку ажолукка аттануусунда Чеч-Дөбөгө барып, бир жолу зыярат кылууну адатка айлантканы айтылып эле келген. Акаевди Чеч-Дөбөгө алпарып турган айтылуу Аскар Салымбеков болчу. Карт тарыхтын күбөсү, кадимки Алманбеттин сөөгү жаткан касиеттүү Чеч-Дөбө жанындагы кан ордосу Кошой-Коргон ошондон бери «ажо болом» дегендердин зыярат кылчу жерине айланган.

2001-жыл болсо керек. Ал кездеги премьер-министр Курманбек Бакиев иш сапары менен Ат-Башы районуна барат. Айылдарды кыдырып чыккан соң Алманбеттин сөөгү жаткан Чеч-Дөбөгө сыйынып кетмекчи болуп, дөбөгө чыгып баратып кокусунанбы, балким, атайынбы, айтор, буту тайып тоголонуп түшөт. Баш вазир жаткан жерден баш вазирдин кулап түшүүсүн жергиликтүү эл жаман жагына жоруп, «Бакиевден бак тайды окшойт» деп калышат. Көп өтпөй 2002-жылы Аксы окуясы чыгып, анын арты менен Бакиев садага чабылып кетет. Чеч-Дөбөдөн Бакиевдин кулаганы, андан соң үзөңгүдөн буту тайыганы тар чөйрөдө аңыз болуп айтылып кала берген соң, 2005-жылы жоогазын революциясы болуп, ал президент болот да калат. Баягы эл «Бакиев Чеч-Дөбөдөн кулаганда бак тайбай эле ырыс жуккан тура» деп ойлорун өзгөртөт. Президент болгондон кийин Бакиев башка жакка эмес, так ошол Чеч-Дөбөгө келди.

Бакиев кетип, 2011-жылы кайрадан президенттикке шайлоо башталып, алардын арасында мурда-кийин аты чыкпаган Арстан Алай да аламанга түшүп калат. «Ырым-жырымга ишенген, касиетим бар» деген Арстан Алай адегенде эле Чеч-Дөбөгө келип, баягы Бакиев кулаган жерден тоголонуп түшкөнү неси? Чеч-Дөбөнүн этегинде чоңойгон байкебиз чыт курсак кезинде ал жерде далай ойноп, далай жолу тоголонуп түшкөнүн, касиети жукса ошондо эле жукмагын ойлогон эмес окшойт.

Эми минтип 2017-жылкы президенттик шайлоо да кирип келди. Бул жолу да «ажо болом» деген эң негизги эки талапкер Чеч-Дөбөгө зыярат кылып кеткени белгилүү болду.

«Августтун аягында Чеч-Дөбөгө мураскер талапкер барды» дейт. Аны аким баштап, райондон чыккан депутаттар коштоп жүрүшүптүр. Чеч-Дөбөнүн жанынан ак боз бээни курмандыкка чалып, Азизхандын Алманбетке, Катагандын Хан Кошойго куран окушуп, көзүн жумуп алып бир сааттай сыйынып отурган имиш.

Чеч-Дөбөнү Сулайман-Тоодой элестетип алганбы, ким билсин, костюм, туфличен барыптыр, жарыктык. Баягы Бакиев менен Арстан Алай тоголонуп түшкөн жерге чыгуу үчүн ботас керек болуп, депутаттар 44-45-размердеги ботас издеп, ой бир убара болушканын айтышууда. Базардан мындай чоң размердеги ботас чыкпай коюптур. Жергиликтүүлөр «болду-болбоду волейболчу Сейитаалынын ботасы гана батмак» деп күбүрөнүп жаткан учур. «Ай-ай, аябай шыбоосу бар эле ошонусу менен эле кийди бекен, же жууп тазалап, анан кийгизишти бекен?» деп эки кишинин башы кошулган жерде божурашууда. «Ал киши барып кеткенден кийин Сейитаалынын ботасы улагада эмес, Мессинин алтын ботасындай болуп сандыктын түбүнө катылды» дешти. Сейитаалы түндөсү да туруп, ботасын сандыктан алып чыгып, бир карап алат имиш.

Ал киши барып кеткенден кийин Чеч-Дөбөгө каттаган жан жок болчу. Үгүт башталган 10-сентябрда кечке жуук Чеч-Дөбөгө капкара кымбат машинелерди минген жоон топ адам келиптир. Арасында Кыргызстандын эң алдыңкы эки олигархы бар. Бирөө таластык болсо, бирөө ошол ат-башылык. Аларды ат-башылык олигарх тосуп алганы каңкууланды. Алар дагы Чеч-Дөбөдөн ак боз бээни союптур. «Манас Алтайдан келгенде Ат-Башыга түшүп, абасы Кошойдон бата алып, Таласка кетти эле, мына бүгүн Таластан мен келип отурам…» дептир. Баягы Бакиев кулаган жерден кулап-кулабаганы караңгы болгондуктан бер жакта дүрбү салып отурган Толубай аксакалга көрүнбөй калыптыр.

Кыскасы, экөөнүн бирөөнө Чеч-Дөбөнүн назары түшүптүр…

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 + = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: