Menu

Айып пул көбөйсө МАИ кызматкерлеринин күнү тууйт

Бөлүшүү:

Ушул жылдын октябрынын башынан тарта жол эрежесин бузуулар үчүн айып пулдар бир нече эсе жогорулайт. Тийиштүү токтом өкмөттө кабылданып, ал боюнча талкуулар жүрүүдө. Мисал келтирсек, коопсуздук курун тагынбагандар 500 сомго чейин, ылдамдык чегинен ашыра айдагандар 700 сомдон 8 миң сомго чейин айыпка жыгылат. Ошондой эле келерки жылдан тарта оң рулдуу унаалары барлар такси кызматында иштей албай калышат. Бул мыйзамга каршы адамдар кол топтой башташты. Мындай мыйзам ишке ашса, жумушсуздук күч алган мындай заманда такси кызматы менен оокат кылган жарандарыбызга оорчулук туулат. Анан да айып пулду арбын алып, баягы эле МАИ кызматкерлеринин күнү тууйт. Шаар көчөлөрүнө видео көзөмөлдөр орнотулуп, чыныгы жол эрежесин бузгандар жазалана тургандай жаңы эрежелер күчүнө кире турган күн качан келээр экен.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 9 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: