Menu

Казакстан кинотармактарын «Матильданы» көрсөтүүдөн баш тартууга үндөштү

Бөлүшүү:

Казакстандагы «Арман» кинотармактарынын директору Бауржан Шукенов Алексей Учителдин «Матильда» тасмасын көрсөтүүдөн баш тартууга үндөгөн кат алганын билдирди.

Айтымында, кат «Орусиянын православ ишениминдеги жарандарынан» келген. Алардын кайрылуусу ири кинотармактар менен кинотеатрлардын директорлоруна жана кинопрокат боюнча менеджерлерге жолдонгон. «Матильдадан» баш тарткыла – бул ыпылас нерседен алысыраак болгула. Жеке өзүңөрдүн жана бул тасмага азгырылган башка адамдардын жан дүйнөсүн өлтүрүү менен акча иштеп таппагыла”, – деп айтылат катта.

Анда «Матильда» көрсөтүлсө Орусия жок болот деген поп Всеволод Чаплиндин сөздөрү жазылып, авторлор түбөлүктүү кайгылуу тагдыр тууралуу ойлонууга чакырышкан.

Фильмдин Орусияда көрсөтүлүшүнө каршы өнөктүктүн башында турган Мамдуманын депутаты Наталья Поклонская болочоктогу император Николай II менен бийчи Матильда Кшесинскаянын сүйүү мамилеси жөнүндөгү тасма динге ишенгендердин сезимдерин кемсинте тургандыгын айтып келет.

Тасманын кеңири прокаты 26-октябрда башталат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: