Menu

Зиядин Жамалдинов: “Сексен төрт бала бакчанын алтоо эле кыргызча сүйлөгөнү өкүндүрөт”

Бөлүшүү:

– Зиядин Исламович, сиз мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын ишине анчалык канааттанбагандыгыңызды билдирдиңиз. Бул сыныңызды аргументтеп бере аласызбы?

– 2020-жылга чейин тилди өнүктүрүүгө 490 млн. сом акча бөлүнөт экен. «Ошончо акчаны кайда жумшайсыңар?» десек, «китептерди, дисктерди чыгарып жатабыз» дешет. Аларды ким колдонот? Китепканага барат да, ошол бойдон чаң басып турат. Улуттук комиссиядагылардын маалыматы боюнча бүгүнкү күндө Бишкекте кыргыз тилиндеги 11 мектеп, алты бала бакча бар экен. Карабайсызбы, сексен төрт бала бакчанын алтоо эле кыргыз тилинде. Кайсы үйгө барбайлы, балдарыбыз баары орус тилинде сүйлөшөт. Ушу кезге чейин 140 млн. сом каражат жумшалыптыр. «Анын натыйжасында канча кыргыз кыргызча сүйлөп калды?» деп сурасам, «бизде андай анализ жок» дешет. Анда эмне кылып отурушат? Акча бөлүүдөгү максат чет элдиктерди кыргыз тилине үйрөтүү эмес да. Эң оболу өзүбүздүн элди үйрөтүшүбүз керек. Анан кыргыз тилиндеги бала бакчалар, мектептер болбосо, алар кантип үйрөнүшөт?

– Сиз эмнени сунуш кылаар элеңиз?

– Биринчи кадам катары Бишкек, Ош сыяктуу чоң шаарлардагы мектептерди аралаш кылыш керек. Мисалы, бир мектепте төрт класс болчу болсо, ошонун экөө орус, экөө кыргыз класс болсун. Бала бакчаларда деле ошондой, бир тобу орус болсо, экинчи тобу кыргыз болсун. Андан башка жол жок. Бул үчүн атайын акча бөлүштүн деле кереги жок.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 − 75 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: