Menu

Карызың канча, бурадар?..

Бөлүшүү:

«Тышкы карызы үчүн Тажикстандын территориялык бүтүндүгүнө доо кетиши мүмкүн»

Жакында эле дал ушундай аталыштагы макала Россиянын “Независимая газета” басылмасында жарык көрдү. Окурмандарыбызга анын кыргызча котормосун сунуш кылар алдында, ушул макалага байланыштуу жаралган жеке өзүбүздүн айрым бир ой-толгоолорубузду бөлүшө кетмекчибиз.

Демейде тышкы карыз жөнүндө кооптуу жоромолдор жаралып, коомчулукта ар кандай пикирлер айтыла баштаганда эле, президент баш болуп, бардык тиешелүү мамлекеттик кызматкерлер беттен алмайлары бар: анын эмнеси бар экен? Азыр бүткүл дүйнө карыз менен жашап жатат. Ал тургай АКШнын деле тышкы карыздары аябай көп деген сыяктанган мааниде…

А чынында, бул алардын тек гана карыз маселесинин чыныгы көйгөйлөрүн жашырып, талкууну башка өңүткө бурууга болгон далбасалары экендиги маалым. Туура, АКШнын да абдан көп карыдары бар. А бирок, АКШнын өзүнүн Ички Дүң продукциясынын эле (башка экономикалык потенциалын айтпай эле коелук) туруктуу баа-өлчөмү канча?! Карызы анын канча пайызын түзөт? Албетте, салыштырмалуу айтканда, ал карызы тээ шыйрактын кызыл жагына да жетпей токтоп калат. Ал эми Кыргызстандыкычы? Учурда бул көрсөткүч 4 млрд АКШ долларынан ашып, Кыргызтсандын ИДПсынын 60 пайызынан (ал эми айрым көзкарандысыз эксперттердин айтымында, реалдуу көрсөткүч андан да алда канча көп) ашып турган учуру. Дүйнөлүк практика боюнча тышкы карызы 35–40 пайыздын тегерегине жетип калган өлкөлөр көзкарандысыздыгы коркунучка кептеле баштаган өлкөлөр катары баалана башташат.

Баса, башка бардык тармактар боюнча кризис сазында турганыбыз менен, дал ушул тышкы карыз (жана да, албетте, — “биз эми эч кимге тизе бүкпөйбүз, эч кимге көз каранды болбойбуз!” — ​деген сыяктуу курулай “бравадалардан” турган демагогиялуу саясий билдирүүлөр) боюнча башкаларды алыстагы чаңыбызга калтырып, “алдыда” караандатпай бара жатабыз!..

Салыштыруу иретинде атай кетелик: азыр Борбордук Азия жана Кавказ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан тышкы карызы боюнча эң алдыңкы орунда турат. Өзбекистандын тышкы карызы өлкө ИДПсынын бар болгону 15%ын түзөт. ал эми Казакстандыкы — ​20%, Азербайжандыкы — ​40%, Тажикстандыкы 45%га жетиптир!.. Башкача айтканда, баягы биз айтып өткөн коркунучтуу чекке жетери менен жогорудагыдай “коңгуроо” кагыла баштабадыбы…

Жогоруда өтө бай өлкө АКШнын да тышкы карызы абдан көп экендигин айтып өттүк. Ал эми тышкы карызы башынан ашкан жакыр өлкөлөр үчүн бул маселе акырындап олтуруп, эч кутулгус көйгөйгө айланары турган иш.

Экономикалык терминдерсиз эле, жалпыга түшүнүктүү болсун үчүн, жөнөкөйлөштүрүп айталыкчы: күндөлүк турмушубузда эле миллиондогон суммалар менен алыш-бериш жасап, бул алар үчүн көнүмүшкө айланган адамдар да бар. Ошол эле учурда, жарыбаган бир сумманы карызга ала коемун деп, аны учурунда кайтарып бере албай, өзүнүн бай коңшусуна көз каранды болуп, анан беремин, кичине күтө тур деген убадаларынан жадагандыктан (а балким, ким билет, анын дал ушундай абалга кептелишин тымызын күтүп жүргөндүктөн улам), акыры коңшусу “андай болсо менин чарбамдагы тиги-бу иштерди жасап берип, карызыңдан кутулгун!?” — ​десе, тигил байкуш кубана, дароо убактылуу кул болууга даяр экендигин күндөлүк турмушубуздан көрүп эле жүрөбүз го?!

Бай жана жакыр өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара мамилелер деле, сырткы саясий-декларативдүү кабыктарын алып салганда, дал ушундай карым-катнашка барып такалат. Демек, өз жетекчилеринин жеңил ойлуу, алысты көрө албаган саясатынан улам жакырдыкка баткан Кыргызстанды алдыда дагы далай оор сыноолор күтүүдө…

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон КНР председатели Си Цзиньпиндин чакыруусу боюнча Кытайга мамлекеттик визит менен келди. Бул сапар 5-сентябрга чейин созулат. Эки өлкөнүн лидерлеринин жолугушуусунда Душанбедеги өкмөттүк комплекстин курулушу үчүн 2,3 млрд доллар кредит бөлүү маселеси биротоло чечилиши күтүлүүдө. Рахмон андан сырткары БРИКС алкагындагы (Бразилия, Россия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка) мамлекет башчыларынын түштүк Кытайдагы Сямэнь шаарында өтүүчү диалогунда да катышмакчы. Кытай соода-экономикалык кызматташтык боюнча Россияны экинчи орунга сүрүп чыгып, Тажикстандын башкы өнөктөшүнө айланды. 2020-жылы Пекин менен Душанбенин ортосундагы товар алмашуу 3 млрд долларга жетери күтүлүүдө.

Бул тууралуу Тажикстан Республиканын Соода-өнөр-жай палатасынын төрагасы Шариф Саид «Ховар» агентствосуна билдирген. 2017-жылдын биринчи үч айында кытайдын түз инвестиция салуу аркылуу жыйылган карызынын жалпы көлөмү 76,6 млн долларга жеткен. Бул чет өлкөлүк инвестициялардын жалпы көлөмүнүн 58,2% ын түзөт. Ушул эл мөөнөт ичинде Россия Тажикстанга 20,6 млн доллар инвестиция жасады. Республикага россиялык инвестиция кыскарып жаткандыгын Россиянын Тажикстандагы элчиси Игорь Лякин-Фролов да ырастады. Бул кыскаруунун себеби катары салыктык бийик төлөмдөр аталды. Азырынча РФда жүз миңдеп саналган эмгек мигранттары бар кезде, Россия Тажикстан үчүн маанилүү рольду ойной бере тургандыгы анык.

Эмомали Рахмон визит учурунда Кытай тарап парламент жана өкмөттүн имараттарын куруу үчүн 2,3 млн долл. бөлүшүн чечмекчи. Өкмөттүк көмплексти куруу долбоору али бекий элек. Ал долбоор кытайлык адистердин пикирин эске алуу менен иштелип чыгышы керек. Парламент имараты 42 миң чарчы метрди ээлеп, ал эми өкмөт имараты 44 миң чарчы метрди ээлей тургандыгы маалым. Эки тараптык макулдашуулар боюнча, Пекин Тажикстанга курулуш техникасын, материалдарды, адистерди жиберүүгө милдеттенет, Душанбе болсо –өлкөгө ташылып келген кытай материалдарын жана техникасын салык жана бажы төлөмдөрүнөн бошотот.

Өлкөдө ашыкча шөкөттөлчү имараттарды куруу үчүн Тажикстан кезектеги кытай кредитин алышы керекпи же жокпу деген талкуу күч алды.

Пекин жеңилдетилген шарттарда жана арзан деп аталган кредиттерди 20 жана андан ашкан мөөнөткө берет, мындай карыз Россиялык жана башка финансылык ресурстардан келүүчү төлөө кыйын болгон карыздарга караганда — ​дээрлик башка жол жок дегенди билдирет. Тажикстандын жетекчилигин эң маанилүү социалдык-экономикалык талаптарды тез арада чечүү мүмкүнчүлүгүн пайдалануу азгырыгы, улам барган сайын Кытайга болгон карыздарды көбөйтүүгө алып келип жатат.

“Кытай инфраструктуранын өнүгүшү жана жалпы эле экономиканын өнүгүшүнө жардам берип жаткандыгын моюнга алуу керек. Кытай долбоорлорун ишке ашыруу адамдардын жашоосун жакшыртууга көмөк берип жатат. Маселен, жолдор курулду. Автомагистраль Душанбе–Куляб–Калай-Хумб–Хорог–Мургаб–Кульма–Кашгар негизги тажик шаарларын түндүк-батыш Кытайдын коммуникация системасы менен байланыштырды.

Душанбе–Жергетал–Сары-Таш — ​жолу — ​Кыргызстан менен байланыштырды. ЛЭП‑500 электрберүү линиялары өлкөнүн түндүк-түштүк тарабын бириктирди. Душанбе ТЭЦин куруу борбордун жана анын айланасын энергия менен камсыз кылуу маселесин чечти”, — ​деп билдирди “НГ” кабарчысына экономика илимдеринин доктору, РТ Илимдер академиясынын экономика жана демография Институтунун бөлүм башчысы Ходжамахмад Умаров.

Ошол эле учурда, анын айтымында, тажик коомчулугунда өлкөнүн туруктуу өнүгүшүнүн натыйжалары, экология, ошондой эле Тажикстандын Кытайга болгон экономикалык көз карандылыгы боюнча суроолор көтөрүлүүдө.

“Тажикстандын Кытайга карата 1,8 млрд доллар өлчөмүндөгү карызы жыйылып калды. Анын үстүнө, республиканын карыздарды натыйжалуу башкаруу боюнча тажрыйбасы жок, бул болсо карыз кризисине алып келиши мүмкүн. Менин оюмча, Кытай менен ушунчасында токтотуп, биздин экономикалык мамилелерди башка өлкөлөргө дагы жайылтуу керек. Же болбосо, жок дегенде Пекин менен Душанбе ортосундагы экономикалык кызматташтык багытын өзгөртүү керек. Мисалы, эл керектөөчү кытай товарларын ташуунун ордуна, советтик мезгилден бери эле эл керектөөчү товарларды чыгарып келишкен тажик ишканаларын кайра жандантып курууга, реконструкциялоого, модернизациялоого өтүү керек”, — ​деп эсептейт Умаров.

Анын ою боюнча, республика өкмөтү “узак жылдардан бери жагымдуу инвестициялык чөйрөнү түзө албагандыктан улам карызга кайрылууга мажбур болуп жатат”.

Маселенин дагы бир жагы, Кытай түз инвестиция салуу жагына анча көңүлдөнбөй, анын ордуна жеңилдетилген шарттардагы арзан кредиттер деп аталган карыздарды 20 жылга жана андан да көп убакытка бергенди артык көрөт. Пекин менен Душанбенин кызматташтыгы мындан сырткары, Тажикстанды Кытай кызыкчылыгы зонасына тартуу менен да коштолууда.

Эксперттер Пекин кредиттерди берүү жолу менен Тажикстанды, ачыгын айтканда, карыз оруна (долговая яма) түшүрүүгө түртүп жатат, бул болсо республиканын көз каранды болушуна алып келет деп эсептешет. Душанбенин акчасы жоктугун жана жакынкы мезгилдерде көп акчалуу болору күтүлбөстүгүн эске ала турган болсок, демек, кытай тарапты жер байлыктары ресурстарына киргизүү аркылуу, стратегиялык ишканалардын акцияларынын контролдук пакеттерин берүү, же айрым транспорттук маршруттарды, ал тургай Тажикстандын аймактарын өткөрүп берүү жолу менен алардын карызын төлөөгө алып келет. Мындай жагдай 2011-жылы эле болгон, анда Тажикстан Кытай менен болгон чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо жөнүндөгү протоколун ратификациялаган да, Пекинге Чыгыш Памирдеги 1 миң чарчы километр аймагын өткөрүп берген.

Тажик экономисти, ошондой эле, Тажикистандын экономикалык гана эмес, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу маселелерине да байланышкан маселелери жаралышы мүмкүн деп эсептейт. Кредитор өлкөлөр Тажикстанга – анын улуттук коопсуздугуна, жана республиканын территориялык бүтүндүгүнө зыян келтирген талаптарды коюштары мүмкүн. Маселен, КНР биздин өлкөдөн карыз ордуна бир мезгилде жаңы аймактарды талап кылган учур келиши да мүмкүн. Анын үстүнө, бул өлкөнүн Тажикстанга дайыма эле территориалдык претензиялары болуп келген.

Орусчадан которгон: Ишенбек Муртазаев

P.S.Көрүнүп тургандай, тажиктер да дал эле биздин абалыбызда экен. Ал эми бул алардын он жылга жакын созулган оор жарандык согуштан суурулуп чыккандан кийинки жетишкен кырдаалы экенин эске ала турган болсок, алар бизден алда канча алдыга озуп бара жатышат деп койсок да болот. Өндүрүшүн, өнөр-жайын кадимкидей жандандырып алып, эми энергетикалык көз карандысыздыкка да жетишип олтурат. Бирок, аттиң, буга жогорудагыдай кооптуу келечек кырдаалын түзүү баасы менен гана жетишишиптир!..

Демек, энергетикалык коопсуздукка жеттик деп (баса, “Кыргызгазды баш кылып”, бул тармакты толугу менен эле бир долларга “бадарить” этип салмай “марттыгыбыз” да бар, чиркин!), Бишкек ТЭЦи толук модернизацияланды, кытай менен биргелешкен ишканалар курулуп жатат деп эдиреңдөө али бир аз эртелик кылат. Анткени, алгандын бермеги бар демекчи, эртең эле кытай тарап “жеңилдетилген” кредиттерин артка кайтарууну талап кыла баштачу мезгил да жетип келет.

Анан калса, улуу Кытайдын эзелтен эле тышкы саясаттагы өтө кытмыр, тымызын жүргүзгөн узак мөөнөттүү саясаты бар. Алар эч качан, эч ким менен (ички-майда өз ара согуштарын эске албаганда) жер талашып, же басып алабыз деп согушкан эмес. А бирок, карт тарыхты карап олтурсак, улам барган сайын кытай мамлекетинин территориясы кеңейип, чартарапка созулуп, кылымдан кылым өткөн сайын “чоңоюп” бара жаткандыгын байкоо кыйын эмес. Баса, тээ Кайра Куруунун соңунда, эсил кайран СССР күм-жам болорго жакын, 1989-жылы СССРдин тышкы иштер министри Эдуард Шеварднадзе Кытай лидери Дэн Сяопин менен жолугушат. Анда талаштуу чек ара аймактары жөнүндө да сөз боло калганда “карт түлкүгө” (старый лис — ​Шеварднадзенин эл аралык дипломатиядагы кличкасы) Кытай акылманынын айтып турган “кербези”: “Кытай кийин учуру келгенде өзү мурда жоготкон жерлеринин баарын кайтарып алат, бул азыр биз талкуулай турган маселе эмес, кийинки муундардын иши…”

РФ Ыраакы Чыгышта катуу далбасаланган саясат жүргүзүп, өз калкынын санын ар кандай социалдык артыкчылыктарды ашкере берүү жолу менен улам көбөйтүүгө аракет кылып келе жатса да, тээ союз учурунда эле жергиликтүү орусташкан кытай калкы көп болгон бул аймакты акырындап, тымызын “кытайлаштыруу” саясаты ишке аша баштагандыгы эбак эле ачык болуп калган.

Ал эми калкынын саны жана жери боюнча Ыраакы Чыгыштын төрттөн бирин да түзө албаган Кыргызстан үчүн мындай коркунуч жаралса, бул алеки заматта ишке ашары түшүнүктүү!..

Кыскасы, кредит жана тышкы карыз, экономикалык байланыштар аркылуу көз карандысыздыкты чектөө сыяктуу маселелерге абдан этияттуулук менен мамиле кылуу зарыл.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: