Menu

Төрөбаев террорчуларга өлүм жазасын киргизүү маселесин көтөрдү

Бөлүшүү:

Ошентип, түштүк кланынын ишенген «төртилтиги» ара төрөлгөн балача мөөнөтүнө жетпей, чилче тарап кеткендерине булардын кичи мекениндеги он миңдеген тарапташтары түкүрүнүп жаткандары каңкууланууда. Камчыбек Ташиев менен Ахматбек Келдибеков Сооронбай Жээнбековдун этегин кармап кетишсе, куру чечен Мадумаров Өмүрбек Бабановго карап «көз сүзүүдө». Мындай шартта тилектештери ара жолго таштап кеткен Бакыт Төрөбаев беттеген багытынан тайбай, көгөргөн тейде өз алдынча шайлоого барарын апта башында филармонияда өткөн «Өнүгүүнүн жаңы багыты 2023 – Кайра жаралуу» аттуу программасы менен коомчулукка тааныштыруу учурунда айтты. Эл өкүлүнүн программасынын өзөгүндө парламент депутаттарынын санын 120дан 75ке кыскартуу, терроризим менен жаш балдарга зордук-зомбулук көрсөткөндөргө өлүм жазасын киргизүү маселеси камтылганы көпчүлүктүн көөнүнө жакты. Тирек болчулары тигинтип «ойт берип» алдап кетишсе да алар туурасында тескери пикир айтпай, тобокелдикке баш уруп, аламанга аттанып жаткан Бакыт мырзачалык барган сайын баарыбызды кооптондурган өлкөбүздөгү дили бузук террорчуларды өлүм жазасына тартуу сунушун буга чейин эч кимиси даап көтөрө албай келе жаткан да, туурабы?

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 57 = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: