Menu

Иманкадыр Рысалиев: «Миллиардер Порошенко президент болгондон кийин үч жылдын ичинде өз байлыгын жети эсеге көбөйттү»

Бөлүшүү:

– Иманкадыр Зарлыкович, үгүт өнөктүгү башталды, бир айдан кийин шайлоо болот. Шайлоонун таза, адилет өтүүсүнө эмне тоскоол болушу мүмкүн?

– Бизде, Кыргызстанда шайлоо тез-тез өтүп тургандыктан, ал бизнеске айланып калды. Адамдардын бүтүндөй тобу мындан акча тапканга үйрөнүп алышты. Андай болгон соң, бизнесмен талапкерлердин шайлоодо шайлоочуларды сатып алуу аркылуу жеңүү мүмкүнчүлүгү да көбөйдү. Президенттикке төрт негизги талапкердин үчөө ири бизнесмендер. Бүгүнкү күндө адамдарды алар кантип байышкандары кызыктырбайт, бизнесмен талапкерлер канча акча төлөшөөрү кызыктырат. Мына ушул нерсе мени кайгыга батырып, кыжалатка салат.

– Эл өз добуштарын сатса, анын натыйжасы кандай болушу мүмкүн?

– Эң эле жаман болот! Шайлоочулардын добуштарын сатып алган талапкер шайлоого чачкан акчаларын кайра өндүрүү, мурдагыдан да бай болуш үчүн элге берген популисттик убадаларын ошол замат унутуп, элдин канын соруп, Кыргызстандын байлыктарын чет элдик ири бизнесмендерге сатып кирет. Өз добушун саткан шайлоочу иш жүзүндө өзүнүн мекенин, балдарынын келечегин саткан болот. Талапкер бизнесмен алардын бетине карап, ачык эле айтат: «Силер менден эмне каалайсыңар? Биздин турмушубузду жакшырт дейсиңерби? Шайлоодо менден акча албадыңарбы, эми силер менен ишим жок, силерге караганда да маанилүүрөөк жумуштарым бар» деп.

– Кыргызстандын сатылып кетүүсүн айтып атасыз. Кандайча?..

– Биринчи кезекте ал өлкөнүн бюджетин тоной баштайт. Бюджеттин каражаттарын мугалимдердин, врачтардын, бюджетчилердин айлыктарын, пенсионерлердин пенсияларын, мамлекеттик жөлөк пулдарды көбөйткөнгө эмес, мамлекеттик сатып алууларга жана тендерлерге жумшайт. Бул акчалар бизнес түзүмдөрүнө берилип, андан ары өз чөнтөгүнө барып түшөт. Айдар Акаев менен Максим Бакиевдин учурундагыдай, алар атаандаштарын муунтуп, монополист болушу, жогорку киреше алышы үчүн өздөрүнүн бизнес компанияларына бейиштегидей шарттарды түзүшөт. Экинчиден, алар биздин жаратылышты, таза сууларыбызды, абабызды сата башташат. «Сиз абаны кантип сатууга болот?» деп сурашыңыз мүмкүн. Эң эле жөнөкөй: бизнесмен президент Кыргызстанга чет элдик компанияны алып келип, алар болсо таза суулардын
боюна, тоолордогу абасы таза жерлерге экологиялык баардык нормаларды бузуп, булганыч, химиялык жактан зыяндуу, радиоактивдүү, жогору токсиндүү өндүрүштөрдү курушат. Байлык дегенде эч нерседен кайра тартпаган көп чет элдик компаниялар дүйнөнүн баардык жеринде экологиялык жактан зыяндуу ишканаларды курууга уруксат алыш үчүн көп акча чачууга даяр. Эгер мамлекет башына бийликти сатып алган бизнесмен келип калса, мындай компаниялар алар менен бат тил табышат.

Беш жылдын ичинде Кыргызстан суулары, абасы таза өлкөдөн булганыч өндүрүштөн калган жогорку токсиндүү таштандылар өлкөсүнө айланат. Керемет өлкө кандайча туристтик бейишке эмес, көп Африка өлкөлөрүндөй жугунду челекке айлана баштаганын эл түшүнбөй да калат.

Украинаны карап көргүлөчү, миллиардер Порошенко президент болгондон кийин үч жылдын ичинде өз байлыгын жети эсеге көбөйттү. Ал өзүнүн океандын ары жагындагы кожоюндарынын нускоосу менен Украинанын өнөр жайын жоготуп, өлкөгө чет өлкөлүк жырткычтарды алып келүүдө, алар болсо химиялык өндүрүштү массалык түрдө ишке киргизүүдө, бир кездеги гүлдөгөн Украина ыплас технологиялардын жана радиациялык-химиялык таштандылардын өлкөсүнө айланып баратат.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: