Menu

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында ок атуучу куралдар алынууда

Бөлүшүү:

2017-жылдын 13-сентябрь күнү Кемин РИИБнин кызматкерлери ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Жаңы-Алыш айылынын жашоочусу талаадан таап алган “ИЖ-28” үлгүсүндөгү ок атуучу куралын өз ыктыяры менен өткөргөн. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Ал эми 33 жаштагы Кара-Суу районунун жашоочусу Савай каналынын жээгинен таап алган “ТОЗ-12” үлгүсүндөгү ок атуучу куралды милиция кызматына тапшырса, Москва районунун Кыз-Моло айылынын 56 жаштагы А.Т. аттуу тургунунун сарайынан мыйзамсыз сактап жүргөн 16-калибрдеги ок атуучу курал жана 23 даана 7.62 -калибрдеги, 1 даана 5,6- калибрдеги октор милиция тарабынан алынган.

ИИМ эскертет: Эгерде жаран ок атуучу куралды өз ыктыяры менен ички иштер органдарына тапшырса, кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт. Бирок милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде табылып алынган ок атуучу куралдардын ээлери кылмыш жоопкерчилигинен бошотулбайт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 7 = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: