Menu

Ашхабадда жардыруучу заттын муляжын байкабаган мекеменин кызматкерлери жумуштан алынды

Бөлүшүү:

Түркмөнстанда текшерүү максатында «Ашхабатагызсув» ишканасынын аймагына жайгаштырылган жардыруучу заттын муляжын көрбөгөндүгү үчүн мекеменин бир нече кызматкери жумуштан алынды. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматына Ашхабаддагы өз булактары билдиришти.

Маалыматтарга караганда, өткөн аптада коопсуздук кызматкерлери текшерүү максатында суу бөлүштүрүү ишканасынын аймагына жардыруучу заттын муляжын жайгаштырышкан. Эртеси барган атайын кызматтагылар аны бир күн бою эч ким байкабаганын аныкташкан.

Жыйынтыгында борбордун Арчабил району үчүн жооптуу күзөтчүлөр жана «Ашхабатагызсув» ишканасынын эки кызматкери жумуштан алынды.

Бул окуя боюнча ишкана өкүлдөрүнөн комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

15-августта Түркмөнстандын өкмөтү коопсуздук чаралары күчөтүлүп, укук коргоо жана аскер кызматкерлери күнү-түнү иштөөгө өтө турганын, ошондой эле чек аралар жабылып, бажы көзөмөлү күчөтүлөрүн жарыялаган. Расмий түрдө 17-августта башталган бул чаралар 17-27-сентябрь күндөрү Ашхабадда өтө турган V Азия оюндары аяктаганга чейин күчүндө болот.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: