Menu

Видео – Аким тарабынан сабалган директор дайыма кордук көрүп келишерин айтты

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Сайхунобад районунун директорлорунун бири акимчиликтин жыйындарында кол көтөрүү көндүм көрүнүшкө айланганын билдирди. Аким мектеп директорлорун сабап жаткан маалда тартылган видео интернетке 12-сентябрда тараган.

Өз атын атагысы келбеген директор ал күнү башкаларга салыштырмалуу көбүрөөк токмок жегенин айтты. Ал 12-сентябрда интернетке жайгаштырылган видео чоң муштум район башчысынын жоруктарынын бир бөлүгү экенин билдирди:

– Бизде мындай көрүнүштөр дайыма болуп турат. Буга чейин аким фермерлерге, медициналык мекемелердин башчыларына дагы кол көтөрүп келген. Аким өзүнө чакырып алып, кайра тепкилеп айдап чыкканын өз көзүм менен көргөм. Сыягы, аким болгон соң баарын кылсам болот деп ойлойт окшойт. Бирок адамдарга мындай мамиле жасоо туура эмес. Видеодо ал күнү болгон окуялардын баары чагылдырылган эмес. Ал күнү аким айрым акимдерди тепкилеп айдап чыккан, – деди мугалим.

Директордун айтымында, бул окуя 28-августта болгон:

– Бир күн мурун райондук стадиондо Эгемендүүлүк майрамы өткөн. Иш-чара башталарга бир саат калганда мугалимдерди стадионго чогултушубуз керектигин айтышты. Биз үлгүргөн жокпуз. Аким тиешелүү деңгээлде эл чогулбай калганы үчүн бизди сабады. Ал мени үч жолу жаакка чапты,– деди мектеп директору.

Бирок ал акимдин мыйзамсыз аракеттери үчүн укук коргоо органдарына кайрылбай турганын айтты:

– Ал аким. Эгер биз прокуратурага кайрылсак, ал баары бир акимди жактайт. Мындай көрүнүш көп эле болгон. Айрым тааныштарым эмне үчүн ага кол кайтарбадың деп сурашты. Бирок ал аким да, а мен жөнөкөй мугалим! Эгер аким мугалимди сабаса – бул кадимки көрүнүш, а эгер мугалим акимди урса – анда бул кылмыш. Ошондуктан биз унчукпай туруп бердик, –деди мектеп директору.

Прокуратура Сайхунобад райондук прокуратурасы мектеп директорлорун сабоо боюнча териштирүү иштери башталганын кабарлады

https://www.youtube.com/watch?v=_ALBI1HlkUc&feature=youtu.be

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: