Кыргыз тараптын демилгеси менен бүгүн, 14-сентябрда, кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Өкмөт башчы өзүнүн Орусиялык кесиптешин туулган күнү менен куттуктап, ага ден-соолук, ишинде мындан аркы ийгиликтерди каалады. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты маалымдайт.
Өз кезегинде Дмитрий Медведев да Сапар Исаковду Премьер-министрлик кызматка дайындалышы менен куттуктады.
Телефон аркылуу сүйлөшүүнүн жүрүшүндө, тараптар 2017-жылдын июль айында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Россия Федерациасына болгон мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну боюнча аткарылып жаткан иштер тууралу талкуулашты.
Өкмөт башчылары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулап, эки өлкө ортосундагы учурдагы кызматташуулардын динамикасын улантуу зарылдыгын белгиледи.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ