Menu

Астанада Сирия сүйлөшүүлөрүнүн алтынчы айлампасы өтүүдө

Бөлүшүү:

Астанада Орусия, Иран жана Түркиянын катышуусунда Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн алтынчы раунду өтүүдө. АКШ Иран делегациясынын жолугушууга катышуусуна каршы чыккан. Казакстан борборуна келген америкалык өкүлдөр тынчтыкты орнотууда Ирандын “кепил” өлкө болушуна кабатыр экендиктерин билдиришти.

Бул сүйлөшүүлөр БУУнун кепилдиги алдындагы Женева сүйлөшүүлөрүнөн өзүнчө өтүүдө. Эксперттер Орусия, Иран жана Түркиянын куралдуу күчтөрүн деэскалация аймактарына жайгаштыруу, Идлиб провинциясында көзөмөл күчтөрүн уюштуруу маселесин талкуулашууда.

Орусия бийлигинин өкүлдөрү Москва Түркия менен чектешкен Идлиб провинциясында ок атышууну токтотуу үчүн аскер полициясын жайгаштыруу маселесин караштырып жатканын айтты. ТАСС билдиргендей, Орусия менен АКШ Астанадагы сүйлөшүүлөрдүн алкагында эки тараптуу кеңешмелерди өткөрүшүүдө.

Астанадагы сүйлөшүүлөргө Орусиядан президент Владимир Путиндин Сирия боюнча атайын өкүлү Александр Лаврентьев, АКШдан мамлекеттик катчынын Жакынкы Чыгыш маселелери боюнча жардамчысынын милдетин аткаруучу Дэвид Саттерфилд катышууда. Буга чейин орус делегациясы БУУнун Сирия боюнча атайын чабарманы Стаффан де Мистура менен жолугушкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: