Карамушкина орус тилди мамлекеттик тил кылыш керек деди. Муну уккан коомчулук дүрбөп эле жатып калышты. Учурда ага карата тиш кайрагандар да жок эмес. Бирок бир катын сүйлөп койду деп эле үркө бергенибиз болбойт. Ал айтса эле орус тили мамлекеттик болуп калмак беле. Биздин өзүбүздүн кыргыз улутубуздун кыргыз тили – эне тилибиз бар. Кудайга шүгүр талаада калган эл эмеспиз. Паспорттогу кыргыз деген графадан айрылганыбыз деле жетиштүү. Карамушкинанын артында кайсыл күч турат, ошол кызык болуп жатат. Болбосо ал аял деле мынчалык деңгээлде маселе көтөрө албайт болчу. Бул жерде бир мандем бардай.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ