Menu

ИИМдин кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз сакталган курал-жарактар боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Бөлүшүү:

Ушул жылдын 14-сентябрь күнү ИИМдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, Кара-Суу районунда жайгашкан темир жолдун жанынан 34 жаштагы А.У. аттуу Өзгөн районунун жашоочусуна таандык “ТОЗ” үлгүсүндөгү 16-калибрдеги кош ооздуу сайсыз ок атуучу курал табылып алынган. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш–жаза кодексинин 241-беренеси (ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) менен кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө.

Ал эми 13-сентябрь күнү Майлуу-Суу шаардык милиция бөлүмүнө 53 жаштагы Т.Т. аттуу жергиликтүү тургун өз ыктыяры менен чоң атасынан калган 1959-жылы чыккан “ИЖ-16” үлгүсүндөгү ок атуучу куралын тапшырган.

ИИМ эскертет: Эгерде жаран ок атуучу куралдын ээси болбосо, сактаганга жана колдонгонго уруксат берилбейт. Тез арада куралды укук коргоо органдарына тапшыруу керек. Тапшырбоо учурунда жаран административдик же кылмыш жоопкерчилигине кириптер болот.
Ал эми катталбаган курал-жарактарды, окторду, жарылуучу заттарды өз ыктыяры менен тапшыргандар кылмыш ишине тиешеси жок болсо, анда кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 + = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: