Menu

“Чек арасыз кабарчылар” журналист Сапановдун камалышын айыптады

Бөлүшүү:

Эл аралык “Чек арасыз кабарчылар” уюму кыргызстандык журналист Зулпукаар Сапановдун төрт жылга эркинен ажыратылышын айыптап, кыргыз бийлигин журналистке тагылган кинелерди алып салууга чакырат. Бул тууралуу уюм 14-сентябрда тараткан билдирүүдө жазылган.

– Зулпукаар Сапановдун эркинен ажыратылышы Кыргызстанда өз пикирин билдирүү эркиндигине кооптуу прецедент жаратууда. Биз анын камалышын айыптайбыз жана сотторду журналистти токтоосуз бошотууга чакырабыз, – деди “Чек арасыз кабарчылар” уюмунун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча бөлүм башчысы Иоганн Бих.

Журналист Зулпукаар Сапанов “Кыдыр санжырасы” китебинин текстинин айрым жерлеринде “диний кастыкты козутууга багытталган аракеттерге барган” деп күнөөлөнүп, төрт жылга эркинен ажыратылды. Ал 12-сентябрда сот залынан камакка алынды.

Журналисттин “Кыдыр санжырасы” деген аталыштагы китеби былтыр сентябрда чыккандан кийин дин чөйрөсүнүн айрым өкүлдөрү “анда исламга шек туудурган тексттер бар деп” нааразылыгын билдирип чыгышкан. Ушундан кийин диний ишмер Дүйшөн Абдылдаев жетектеген “Акыл эс, ыйман” коомдук фонду “китеп диндер аралык кастыкты козутуп жатат” деген жүйө менен УКМКга кайрылган. Тергөөнү атайын кызмат жүргүзгөн. Жарык көргөн китеби толугу менен жок кылынган.

Баш кеңсеси Парижде жайгашкан “Чек арасыз кабарчылар” уюму быйыл жайында жарыялаган рейтингде Кыргызстан сөз эркиндиги жаатында “көйгөйлүү өлкөлөрдүн” катарынан орун алган. Ага ылайык, 180 өлкө ичинен Кыргызстан былтыр 85-орунду ээлесе, быйыл 89-орунга түшүп, төрт позицияга төмөндөгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 23 = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: